ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Чаткал–Ала-Бука жолуна таш түшүп, каттам жабылды

0

4-майга караган түнү Чаткал–Ала-Бука жолунда таш түшүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Чаткалдын акими Алтынбек Сенирбаев ырастап, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

Таш түнкү саат 3:30 чамасында түшкөн жана суу тосулуп, жолду бузуп кеткен.

Жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” жөнөткөн тасмада жол толугу менен жабылганын, техника иштеп жатканын көрүүгө болот.

Соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам жер-жерлерде сел жүрүүдө. 2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланган.

1-майда Жалал-Абад облусунун Манас шаарында да сел жүргөн. 30-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунда суу каптаган кээ бир жолдор убактылуу жабылган. 29-апрелде Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаарында селге байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген.