ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 06.05.2026

Ак-Буура жээгиндеги "Байсан" рестораны жана башка жайлардын ордуна сейил бак курулат

Azattyk.org 

Оштун мэри Жанарбек Акаев 6-майда шаардагы Ак-Буура дарыясынын боюнда, корук аймакка курулган мыйзамсыз объектилер бузулгандан кийин алардын ордуна сейил бак куруларын билдирди. "Коомчулуктун пикирин эске алдык. Буга чейин курулуштары бузулган ишкерлер болгон. Баарына бирдей мамиле кылуу максатында биз булар менен сүйлөшүү жүргүздүк, "силерге балким кенемте берели, башка жактан орун алмашалы" деп. Бирок сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыкпай атты. Бул жерди көрүп атасыңар, корук аймак. Корук аймакка жакын. Читать дальше...

Нью-Йоркто Усманованын концерти өтпөй калды

Azattyk.org 

Оштун мэриясы шаардагы мыйзамсыз объектилер кайра бузулуп жатканын билдирди. Трамп Перс булуңунан өтө албай калган кемелерди коопсуз алып өтүү операциясы “кыска убакытка” токтотуларын билдирди. Нью-Йорктун Бруклин районунда өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын концерти болбой калды.

Ош мэриясы "Байсан" ресторанын бузууда, ал тууралуу Келдибеков үн катты

Azattyk.org 

Парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Оштогу "Байсан" ресторанынын курулушу тууралуу комментарий берди. Фейсбуктагы баракчасына 6-майда жазган билдирүүсүндө ал ресторандын ага тиешеси жок экенин, имараттын ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин белгилеген. “Ырас, Адалат Абдибаитова – менин жеңем. А бирок жеңемдин ресторанына, ишкерлигине менин кандай тиешем бар? Анан калса бул жер тилкесин Абдибаитова мыйзамдуу сатып алган деген Жогорку соттун чечими турат. Соттун чечимин жокко чыгарбай туруп, мэрия кантип "снос" кыла алат? Читать дальше...

Трамп Иран мунасага келбесе, "алда канча күчтүү сокку уруларын" эскертти

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Тегеран тынчтык келишимине макул болбосо, Иранга каршы соккулар “алда канча күчтүү жана масштабдуу” болорун эскертти. Маалыматтарга караганда, азыр тараптар макулдашуу түзүүгө жакындап калышты. АКШнын бир катар маалымат каражаттары, анын ичинде Axios 6-май күнү Вашингтон менен Тегеран жакын арада Перс булуңундагы согушту токтотуу боюнча меморандум кабыл алышы ыктымал экенин жазышты. Axios басылмасынын маалыматына ылайык, келишимде Иран уран байытууну убактылуу токтотууга макул болот. Читать дальше...

Ормуз кризиси: Трамптын долбоору токтотулду, курчоо күчүндө

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ормуз кризисине байланыштуу Перс булуңунда турган кемелерди коштоп өтүү операциясы убактылуу токтотуларын жарыялады. Трамп мындай чечимди Тегеран менен тынчтык келишимге келүү мүмкүнчүлүгүн баалоо аракети деп түшүндүрдү.

Жапаров Баткенде чек араны демаркациялоо маселеси менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусуна болгон кыска мөөнөттүү иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды. Президенттик администрация билдиргендей, мамлекет башчы базардын учурдагы абалы тууралуу маалымат алып, сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты. Маалыматта айтылгандай, Жапаров Баткен облусуна мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу үчүн барган. “Өлкө башчысынын аймактын тургундары... Читать дальше...

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу ажылыкка 11-майда жөнөйт

Azattyk.org 

Ажылык амалдарын аткаруу үчүн кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабияга 11-майда жөнөп кетишет. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн болгон Nusuk картасын (бейжик) алууну эскертет. Картаны ажылыкты уюштуруу штабынан алса болот. Муфтият эгер картаны жоготуп алгандар болсо, анын санарип версиясын колдонсо болорун жана аны кайра чыгаруу үчүн ажы башчыларга кайрылууну эскертүүдө. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан маалымдашкандай, быйыл ажылык сапарга 6060 адам барат. Читать дальше...

Ошто мурдагы вице-мэрге жана Анапияевдин бир тууганына таандык имараттар бузулууда

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте 6-майда Увам каналынын корук аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды көрүп чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө каналдын корук тилкесинде өз алдынча, уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзгөн учурлар аныкталды. Шаар башчысы мыйзамсыз тургузулган объектилерди толугу менен алып салуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Бузулуп жаткан имараттар шаардын мурдагы... Читать дальше...

Аба ырайы: сел коркунучу бар

Azattyk.org 

Кыргызгидрометерология борбору билдиргендей, аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Аталган мекеме майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоону сунуштап, мүмкүн болушунча тоо этектериндеги жана тоолуу аймактарга, дарыялардын жана капчыгайлардын жээгинде эс алууга бааруудан кармануу, ошондой эле нөшөрлүү жаан-чачын маалында тоолуу жолдор менен жүрбөөгө чакырат. Читать дальше...

Жапаров Баткенде “Достук” соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна иш сапары менен барды. Президенттик администрациядан кабарлагандай, мамлекет башчы кыска мөөнөттүү сапар алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде орнотулган Достук стеласы менен, “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты. Жалпы аянты 100 гектар болгон комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парк зоналарын камтыйт. «Долбоор соода-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө... Читать дальше...

Кыргыз тасмалары Канн фестивалындагы кинобазарда көрсөтүлөт

Azattyk.org 

2026-жылдын 12-18-май күндөрү Канн кинофестивалы алкагында өтүүчү дүйнөдөгү эң ири кинобазар, Marché du Film иш-чарасына Кыргызстандын киноиндустриясынын делегациясы катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Иш-чарада Kyrgyz Cinema улуттук стенди сунушталып, өлкөнүн кинематографиясынын өнүгүү потенциалы жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет. Кыргызстандан барган делегация Азия жана Европа өлкөлөрүнүн кино мекемелери, продюсерлер... Читать дальше...

Министрлик Таш-Рабатты оңдоо иштери боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат таратты. Аталган мекеме тарыхый жайды кайрадан оңдоп, реставрациялоо иштери боюнча социалдык тармактарда туура эмес маалымат жүрүп жатканын белгиледи. Министрлик тараткан маалыматка караганда, реставрация “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамына жана эл аралык илимий талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. Читать дальше...

Кытай компаниясы Казакстанда тигүү фабрикасын ачууну пландап жатат

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Xinjiang Lihua компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжан Цихай менен өлкөдөгү пахта жана текстил тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулады. Акордонун маалыматына караганда, жолугушууда Чжан Цихай Казакстанда пахтаны кайра иштетүүчү эки завод ишке берилгенин, жакында кездеме жана кийим-кечек чыгарган фабирканы ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди. Казахстан менен Xinjiang Lihua пахта өстүрүүдөн баштап, даяр кийим чыгарууга чейинки толук циклди камсыз кылууну көздөп жатат. Читать дальше...

Трамп Ормуз кысыгындагы "Эркиндик" долбоору токтотуларын билдирди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Перс булуңунда кармалып турган кемелерди коштоп, ал аймактан аман-эсен чыгарып кете турган операция Тегеран менен тынчтык келишимин түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн “кыска убакытка” токтотуларын билдирди. Бул тууралуу Би-би-си жазды. Анын айтымында, дүйшөмбү баштала турган долбоор сүйлөшүүлөрдө ортомчулук кылып жаткан Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн өтүнүчү менен токтотулат. Трамп Truth Social соцтармагына “ири аскердик ийгиликтерге” жана Иран менен тынчтык келишимине... Читать дальше...

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ормуз кысыгы боюнча резолюция сунуштайт

Azattyk.org 

Вашингтон БУУнун Коопсуздук Кеңешине Ормуз кысыгында коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу резолюциясын демилгелеп, Иранды дүйнөлүк соодага коркунуч келтирүүдө деп айыптады. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио шейшембиде билдирди. Ал 5-майда журналисттерге комментарий берип жатып, Иран деңизге мина коюу жана бажы төлөмдөрүн киргизүү аракети аркылуу "дүйнөлүк экономиканы барымтада кармоону улантууда" деп билдирди. Перс булуңундагы өнөктөш өлкөлөр колдогон резолюциянын долбоору Тегерандан “чабуулдарды... Читать дальше...