ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 01.05.2026

Иран генералынын Бишкек сапары, Израил президентинин билдирүүсү

Azattyk.org 

Израилдин президенти Ицхак Герцог Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү максатында колдонушу мүмкүн деп эсептейт. Мындай пикирин ал жакынкы күндөрү Казакстандагы мамлекеттик сапары учурунда Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн раввиндери менен жолугушууда айтканын JNS басылмасы жазды.

11-майдан тартып жергиликтүү бийлик эл менен жолугушууларды өткөрө баштайт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров облустук деңгээлдеги жетекчилер 11-майдан тартып ар бир айыл өкмөттө жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө баштарын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, май-июнь айларында өтө турган эл менен жергиликтүү бийликтин жолугушуулары Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) менен ЭлТРдин облустук эфирлеринде жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөрүн айтты. “Ош облусуна болгон сапарымда калк тарабынан көтөрүлгөн... Читать дальше...

FT: Трамптын уулдары Казакстанда вольфрам иштеткен компаниянын үлүшүн алган

Azattyk.org 

Financial Times басылмасы АКШнын президенти Дональд Трамптын уулдары Эрик Трамп менен кичүү Дональд Трамп Казакстанда вольфрам кендерин иштетүү менен алектенген компаниядан үлүш алганын жазды. Басылманын маалыматына ылайык, алар Караганды облусундагы кендерди иштетүүнү пландап жаткан металлургиялык холдингге кирген ишканадан үлүштү 2025-жылдын август айында сатып алышкан. Бейшемби күнү үч компания, анын ичинде Трамптын уулдары катышкан ишкана Kaz Resources брендине бириккенин жарыялашты. Ал акцияларын Nasdaq биржасына чыгарат деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Ицхак Герцог Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү үчүн колдонушу мүмкүн экенин айтты

Azattyk.org 

Израилдин президенти Ицхак Герцог Казакстанга болгон мамлекеттик сапарында “Иран Кыргызстанды санкцияларды айланып өтүү максатында колдонушу мүмкүн” экенин билдирди. Бул тууралуу ал Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн раввиндери менен жолугушууда айтканын JNS басылмасы жазды. Анда Кыргызстандагы раввин Арье Райхман Ирандын коргоо министринин орун басары Реза Талаи Ник жакында эле Бишкекке иш сапары менен келгенин белгилеген. Ал учурдагы геосаясий кырдаалды жана Иран менен АКШ-Израиль альянсынын ортосундагы... Читать дальше...

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Манас шаарында да сел жүрдү

Azattyk.org 

30-апрелдин кечинде нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Манас шаарында сел жүрүп, төрт социалдык объектке жана 39 турак жайга зыян келтирген. Анын арасынан 16 үйдүн ичине сел суусу кирип, 23 турак жайдын короолоруна суу толгон. Кырсыктын кесепетин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) 69 куткаруучу тартылган. Ошондой эле шаардык жарандык коргонуу кызматтарынан 125 кызматкер, 15 техника жана жергиликтүү тургундардан 35 адам жардам берди. Жаандан улам соңку күндөрү Кыргызстандын бир нече айылдарын сел каптады. Читать дальше...

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттады

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттады. Катардагы карапайым керектөөчүлөр 700 кВт саатка чейин колдонгон электр жарыгына 1 сом 64 тыйындан, андан ашса 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана жолу татаал аймактардын тургундары үчүн 1 сом 64 тыйын, аз камсыз болгон ("Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган) үй-бүлөлөр 700 кВт саатка чейин 50 тыйындан, андан көп колдонсо 2 сом 94 тыйындан төлөйт. Социалдык жана коомдук мекемелер үчүн 1 кВт саат электр энергиясы 2 сом 96 тыйын... Читать дальше...