ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 04.05.2026

ЖМК: Путин айланасындагы адамдардан чочулоодо

Azattyk.org 

Financial Times басылмасы эки булагына таянып, Орусиянын президенти Владимир Путин жеке коопсуздугунан чочулап жумалап бункерде иштеши мүмкүн экенин жазды. Ал эми "Важные истории" басылмасы европалык чалгын кызматынын маалыматына шилтеме кылып, Путиндин кайтаруусу күчөтүлгөнүн кабарлады. Маалыматтарга караганда, Орусиянын лидери өлкө ичиндеги элита мамлекеттик төңкөрүш уюштурушу мүмкүн деп кооптонууда. Ошондой эле ал өзүнө жакын адамдар дрон менен кол салышы ыктымал деп шектенип жатканы айтылат. Басылмалар жазгандай... Читать дальше...

Ормуз кысыгындагы абал курч бойдон экени кабарланды

Azattyk.org 

Ормуз кысыгындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Британиянын деңиз соодасы боюнча операцияларын координациялоо борбору (United Kingdom Maritime Trade Operations) билдирди. Анын маалыматына ылайык, аймакта аскердик активдүүлүк күчөп, деңизде аскер кемелеринин саны көбөйдү. Ошондой эле кемелерди коопсуздук күчтөрү радиобайланыш аркылуу текшериши мүмкүн. АКШ негизги деңиз жолдорунун түштүгүндө кошумча коопсуздук аймагын түзгөнү айтылды. Кемелерге Омандын суулары аркылуу өтүүнү карап, тиешелүү органдар менен байланышта болуу сунушталууда. Читать дальше...

Тажикстан: Төрт өмүрдү жалмаган каргаша

Azattyk.org 

Тажикстанда сел төрт адамдын өмүрүн алды, Кыргызстанда өкмөт селге байланыштуу кеңешме өткөрдү. Москвада көп кабаттуу үйгө дрон менен сокку урулду, жаракаланган имарат Кремлден алты чакырым аралыкта жайгашкан. Арменияга кырктан ашуун европалык жана башка лидерлер чогулду.

Басма сөз эркиндиги: Кыргызстан бир жылда эки баскычка төмөндөдү

Azattyk.org 

3-майда Басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнү белгиленди. Кыргызстандык айрым журналисттер бул жылы эч кандай иш-чара өтпөгөнүнө көңүл бурушту. Медиа эксперттер кыргыз журналистикасында мурдагыдай жигер жокпу деп суроо салууда.

Өкмөттө жер-жерлердеги соңку сел кырсыктары талкууланды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел кырсыгына байланыштуу жыйын өткөрүп, калыбына келтирүү иштери жана кырсыктын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 4-майда таратылган маалыматта кабарланат. Жыйында президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов билдиргендей, Баткендин Ак-Татыр айыл аймагында сел агымы каптаган он турак үй толук тазаланып бүткөн. “Азыркы тапта жол каттамдары толук ачылды. Үзгүлтүккө учураган электр энергиясы калыбына келтирилди. Читать дальше...

Тажикстанда сел төрт кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Тажикстанда катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн сел төрт адамдын өмүрүн алды. Куляб шаарында табият кырсыгынан дагы беш киши жабыркап, ооруканага түштү. Бийлик билдиргендей, 450дөй тургун коопсуз жайларга эвакуацияланды. Жалпысынан шаарда 850гө жакын үйдү суу каптаган. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды. Ошол эле учурда катуу жаан-чачындын кедергиси Дүйшөмбү баш болгон башка аймактарга да тийди. Ооруканалар... Читать дальше...

Өкмөт "Бала ырысы" жөлөкпулу үчүн 3 млрд сомдон ашык каражат бөлөт

Azattyk.org 

Быйылкы жылы үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн Министрлер кабинети бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Бул документ буга чейин президент Садыр Жапаровдун мартта “Бала ырысы” деп аталган мамлекеттик жөлөкпул берүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу үчүн даярдалган. Жарлыкка ылайык, 1-июлдан тартып 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда... Читать дальше...

Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз каттам тууралуу макулдашты

Azattyk.org 

Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор Кыргызстанга келди. 4-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аны кабыл алганын Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси билдирди. Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, климат, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоону талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Сейшел аралдары ортосунда... Читать дальше...

Чаткал–Ала-Бука жолуна таш түшүп, каттам жабылды

Azattyk.org 

4-майга караган түнү Чаткал–Ала-Бука жолунда таш түшүп, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” Чаткалдын акими Алтынбек Сенирбаев ырастап, тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Таш түнкү саат 3:30 чамасында түшкөн жана суу тосулуп, жолду бузуп кеткен. Жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” жөнөткөн тасмада жол толугу менен жабылганын, техника иштеп жатканын көрүүгө болот. Соңку күндөрү нөшөрлөп жааган жаандан улам жер-жерлерде сел жүрүүдө. 2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана... Читать дальше...

Өзбекстанда каракалпак активисти Тажимуратовдун абак мөөнөтүнө дагы беш жыл кошулду

Azattyk.org 

Өзбекстанда 2022-жылдагы Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовго дагы кошумча беш жыл кошулду. Навоиде сот аны "өтө кооптуу рецидивист" деп атап, шарты катаалыраак колонияга которууну токтом кылды. Укук коргоочулар жаңы өкүм активисттин абактагы жаза мөөнөтүн узартуу гана эмес, аны мындан ары да изоляцияда кармап, басымды күчөтүүгө түзүлгөн шарт деп атап жатышат. 46 жаштагы Тажимуратов... Читать дальше...

Кинотеатрларда тыюу салынган "Өч 2" тасмасын интернеттен көрсөтүүгө уруксат берилди

Azattyk.org 

“Өч 2” тасмасын онлайн “Этномедиа” платформасынан көрсөтүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” тасманын продюсери Ренат Русланов билдирди. Анын айтымында, тасма платформада “21+” деген чек менен көрсөтүлөт. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Өч 2” көркөм тасмасын өлкө аймагында көрсөтүүгө 13-апрелде тыюу салган. Чечим Кинематография департаментинин комиссиясы “тасмада зомбулук жана адеп-ахлакка жат көрүнүштөр бар, тарбиялык мааниси жетишсиз” деп тапкандан кийин кабыл алынган. Читать дальше...

Трамп Ормузда калган бейтарап кемелерди "алып чыга баштаарын" айтты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Ормуз кысыгында кармалып турган кемелерди коштоп, ал аймактан аман-эсен алып чыга турганын билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social баракчасына жазып, операцияны “Эркиндик долбоору” деп атады жана ал дүйшөмбү күндөн башталарын тактады. “Ирандын, Жакынкы Чыгыштын жана Америка Кошмо Штаттарынын кызыкчылыгы үчүн биз бейтарап өлкөлөргө алардын кемелерин бул чектелген суу жолдорунан аман-эсен алып чыгарыбызды билдирдик. Муну менен алар өз иштерин эркин жана ишенимдүү уланта алышат”, - деп жазды Трамп. Читать дальше...

"Камбар-Ата 1": Өкмөттүк макулдашуу долбоору Ташкентте талкууланды

Azattyk.org 

Энергетика министрлиги “Камбар-Ата 1 ГЭСи” долбоору боюнча Өзбекстандын борбору Ташкентте үч күндүк сүйлөшүү өткөнүн билдирди. 28-30-апрелде долбоорду ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору талкууланганы маалымдалды. “Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар макулдашуунун долбоорунун бардык беренелерин кеңири талкуулашты. Пикир алмашуу учурунда долбоордун макулдашылбаган жоболору конструктивдүү түрдө иштелип чыкты. Андан ары өз ара урматтоо жана алгылыктуу чечимдерди табууга умтулуу принциптерине... Читать дальше...