ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 03.05.2026

"Жер кыртышы бузулууда". Баткендеги селдин кесепети

Azattyk.org 

Май айынын башынан бери нөшөрлөгөн жаандан улам өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүп, айрым аймактарда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. 2-майдын кечинде Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында катуу сел жүрүп, 149 адам эвакуацияланды.

Баткендеги сел: 100дөн ашуун адам коопсуз жайга чыгарылды

Azattyk.org 

2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарында болжол менен 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген. Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланып, (35 үй-бүлө), туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Ошондой эле Ак-Татыр айылындагы Садыков атындагы орто мектепке адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайы уюштурулган. Читать дальше...

Милянфан: дунган тою, салты жана тили

Azattyk.org 

Чүй облусундагы Милянфан айылы Кыргызстандагы дунган жамаатынын белгилүү конуштарынын бири. Бул жерде жашаган элдин турмушу, салт-санаасы жана укуктук маселелери көп учурда коомчулуктун көңүл чордонунда.

"Вагнердин" ордун баскан "Африка корпусу", Кремлдин акталбаган үмүтү

Azattyk.org 

Өткөн дем алышта беттерин чүмбөттөгөн орусиялык жүздөгөн аскер Малидеги Кидал шаарынан чыгып кетишти. Алар артында курал-жарак, ок-дары сакталган кампаларды, атып түшүрүлгөн тик учагын калтырып кетти. Орус Коргоо министрлигинин жалданма тобу же “Африка корпусунун” келечеги бүдөмүк кала берүүдө.

Путин Кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу келишимине кол койду

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Борис Ельцин атындагы кыргыз-орус славян университетинин жаңы кампусун куруу боюнча Кыргызстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, орус тарап кампусту курууну жана материалдык-техникалык жактан жабдуу милдетин алат. Университеттин жаңы кампусун куруу боюнча макулдашууга Владмир Путиндин 2023-жылы Бишкекке сапары учурунда жетишилген. Кыргызстан Байтиктен 30 гектар жер бөлүп берип, инфратүзүмүнө байланыштуу маселелерди чечип бериши керек. Читать дальше...

Иранда түрмөдө отурган Наргиз Мохаммади ооруканага которулду

Azattyk.org 

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Иранда түрмөдө отурган укук коргоочу Наргиз Мохаммадинин ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Наргис Мохаммади фондунун сайтына анын үй-бүлөсүнүн жана адвокатынын билдирүүсү жарыяланды. Укук коргоочу жума күнү жүрөк оорусунан улам эки жолу эсин жоготкондон кийин Зенжандагы оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Маалыматка ылайык, бийлик укук коргоочуну Тегерандагы шарты жакшы Парс ооруканасына которуудан баш тарткан. Читать дальше...

ИИМ Ысык-Көлдө браконьерлик кескин азайганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ысык-Көлдө туристтик-экологиялык милиция кызматы түзүлүп, балык уулоого мораторий киргизилгенден бери браконьерлик кескин азайганын кабарлады. Мекеменин маалыматында ички иштер органдары, өзгөчө кырдаалдар, жол-транспорт коопсуздугу, экологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тармактарынын аймактык түзүмдөрү кирген коопсуздук кызматы түзүлгөндөн бери көлдөн эски синтетикалык торлор, таштандылар тазаланып, мыйзамсыз балык уулоо азайды. Президент Садыр Жапаров 16-апрелде билдирүү кылып... Читать дальше...

Баткендин сел жүргөн айылдарынан 149 адам эвакуация болду

Azattyk.org 

2-майда Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында жүргөн селден кийинки калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ак-Татыр айыл аймагынын Өрүкзар, Керме-Тоо, Үч-Дөбө айылдарында болжол менен 50 турак жайдын короолорун сел каптап, анын ичинен 10 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген. Сел жүргөн айылдардан жалпы 149 адам эвакуацияланып, (35 үй-бүлө), туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Ошондой эле Ак-Татыр айылындагы Садыков атындагы орто мектепке адамдарды убактылуу жайгаштыруу жайы уюштурулган. Читать дальше...