Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
Баткен районунда 2-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, аймактагы бир катар айылдарда кооптуу абал жаралды, жарандар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарында сел суусу айрым үйлөргө жана короо-жайларга кирип, адамдарды коопсуз жайларга эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү. "Кырдаалга байланыштуу район акими... Читать дальше...
