ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Новости за 05.05.2026

Ош: Ак-Бууранын жээгиндеги талаштуу курулуш

Azattyk.org 

Кытайда фейерверк чыгарган заводдо жарылуудан 20дан көп киши каза тапса, Казакстандагы цинк чыгарган заводдогу жарылуу эки кишинин өмүрүн алды. Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук аймакта мыйзамсыз салынган деп табылган “Байсан” кафесинде курулуш кайра уланууда.

Медиа: Тажикстандан ондогон ооган мигранты депортация болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Ооганстандын маалымат каражаттары оогандык ондогон жаран, анын ичинде качкын макамы бар кишилер Тажикстандан депортацияланышы мүмкүн экенин билдиришти. Afghanistan International телеканалы 4-майда видео жарыялап, мигранттарды өлкөдөн чыгаруу учуру тартылганын маалымдады. Телеканал Ооганстандын 250 жараны Согд облусунун Жаббор-Расул районунан Душанбеге алынып барганын, андан ары депортацияланышы ыктымал экенин кабарлады. Медианын булагы айтып бергендей, айрым кишилердин колунда БУУнун качкындар боюнча мекемеси берген күбөлүктөрү бар. Читать дальше...

"Конституция иштебесе баркы болбойт". Кыргызстандын Баш мыйзамына 33 жыл

Azattyk.org 

5-май Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү тарыхый дата. Эгемендик алган алгачкы жылдары өлкө өзүнүн Конституциясын кабыл алган күн. Ошондон бери ал бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болду. Быйыл Баш мыйзам күнүнө карата кайрылуусунда президент анын ар бир беренесин урматтоо маанилүү экенин эскертти.

Куткаруучулар жапониялык эки туристти Ала-Арча капчыгайынан алып түштү

Azattyk.org 

Куткаруучулар Жапониянын эки жаранын Чүй облусундагы Ала-Арча мамлекеттик паркындагы “Таажы” чокусундагы алачыктан алып түшүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-майда кабарлады. Маалыматка караганда, туристтердин бирөө өзүн жаман сезип, 112 кызматына кайрылган. Туристтерди куткарууга 8 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Экинчи адамдын абалы туруктуу деп бааланды. Жыйынтыгында экөө тең шаарга алып келинип, Бишкекте ооруканага жеткирилди. "Таажы" (Корона) чокусу ... Читать дальше...

Нью-Йоркто өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын концерти өтпөй турган болду

Azattyk.org 

Нью-Йорктун Бруклин аймагындагы Oceana театры өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын концерти болбой калганын маалымдады. 9-майга пландалган концерт алдында ырчынын буга чейинки билдирүүлөрү айланасында жаңжал тутанган. Бухара жамаатынын социалдык тармактардагы баракчасында айтылгандай, Усманованын концерти тууралуу кабар жергиликтүү коомчулукта, өзгөчө Брайтон-Бич өңдүү жөөттөр басымдуулук кылган райондордо катуу реакция жараткан. Алдыңкы күнү жергиликтүү бийлик АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиого кат жолдоп... Читать дальше...

Лейпцигде машина жөө бараткан кишилерди атайылап сүзгөндө экөө каза тапты

Azattyk.org 

Германиянын Лейпциг шаарынын борборунда 4-майдын кечинде машина жөө бараткан кишилерди атайылап тебелетип кеткенде эки киши набыт болду, бери дегенде 22си жараланды. Полиция экөөнүн абалы оор деп бааланганын маалымдады. Калаанын башчысы Буркхард Юнгдун айтымында, шектүү кармалды, бирок кол салуунун себептери анык боло элек. Маалыматка караганда, шектүү 33 жаштагы немис жараны. Бийлик анын психикалык саламаттыгында мандем болушу ыктымал деп болжолдойт. Күбөлөр Volkswagen жолтандабасы катуу ылдамдыкта... Читать дальше...

Жапаров Кыргызстандын Сейшел аралдары менен алакасын талкуулады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Сейшел аралдарынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Форду кабыл алды. Президенттик администрация билдиргендей, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчы Кыргызстан Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтулуп жатканын белгилеп, географиялык алыстыкка карабастан... Читать дальше...

Кара-Балтада ресторандын дубалы кулап, бир киши каза болду

Azattyk.org 

Кара-Балта шаарында ресторандын дубалы кулап, 19 жаштагы администратор каза болгонун Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы бүгүн 5-майда кабарлады. Маалыматка караганда, кырсык 4-майда болгон. Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, К.Э. 2025-жылдын март айынан тартып ресторанда администратор болуп иштеп жүргөн. «2026-жылдын 4-май күнү болжол менен саат 12:00 чамасында К.Э. иниси жана кесиптештери менен бирге ресторандын жайкы аянтчасында... Читать дальше...

Трамп Иран Ормуз кысыгында америкалык кемелерди бутага алса аны "жер жүзүнөн жок кыларын" эскертти

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи шейшемби күнү АКШнын кемелерди Ормуз кысыгынан өткөрүү операциясынан майнап чыкпайт деп билдирди. X социалдык тармагына жарыялаган постунда министр Пакистандын ортомчулугу менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр ийгиликке жеткен сайын "АКШ сазга батырып жаткан карасанатай адамдардан сак болушу керек. Бириккен Араб Эмирликтери да ошондой кылууга тийиш", - деп эскертти. Ал Ормуз кысыгындагы окуялар саясий кризисти аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин көрсөтүп жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Оштогу "снос": Экс-депутаттыкы делген жерде курулуш жүрүп жатабы?  

Azattyk.org 

Өткөн жылы Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгинде корук аймагында мыйзамсыз курулган деп табылган “Байсан” кафесинде кайрадан курулуш жүрүп жатканы белгилүү болду. Ош мэриясы кенемтеге байланыштуу маселе бар экенин билдирип, азырынча бул жайдын иштешине уруксат берилгенин билдирди.

Ысык-Көлдө сел кесепети, алдын алуу чаралары талкууланды

Azattyk.org 

Бүгүн 5-майда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кереге-Таш айылында жүргөн селге байланыштуу ыкчам жыйын өттү. Анда селден кийинки кырдаал боюнча маалымат угулуп, облустун бардык аймактарындагы сел коркунучу бар тилкелерди аныктоо тапшырмасы берилди. Ошондой эле алдын алуу жумуштарын тездетүү, жергиликтүү элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарын даярдыкта кармоо талабы коюлду. 4-майда Ак-Суу районунун... Читать дальше...

Өскеменде "Казмырыш" заводундагы жарылуу эки кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

5-майда эртең менен Казакстандын Өскемен шаарындагы "Казмырыш" заводунда жарылуу болуп, эки киши өмүр менен кош айтышты, бешөө жараланды. Бул тууралуу цинк чыгарган компаниянын билдирүүсүндө айтылды. Маалыматка караганда, окуя металлургиялык аянтчада түтүн сордурган жабдыкты тазалоо учурунда болгон. “Кырсыктан эки киши каза тапты, бешөө жаракат алды. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Ар тараптуу жана объективдүү текшерүү үчүн комиссия түзүлдү», - деп билдирди компания. Чукул кырдаалдар министрлиги өрт ооздукталганын маалымдаган. Читать дальше...

Кытайда пиротехника заводундагы жарылуудан 20дан ашык киши каза тапты

Azattyk.org 

Кытайдын Хунан провинциясындагы фейерверк чыгарган заводдо жарылуудан 20дан көп киши каза тапты, 60 чактысы жараат алды. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя дүйшөмбү күнү кечки саат 5ке чукул болгон. Куткаруучулар менен өрт өчүрүүчүлөр эртеси да тазалоо иштерин улантышты. Ишкананын айланасында жашаган кишилер эвакуацияланды. 5-майда президент Си Цзинпин Люян шаарындагы кырсыкты жакшылап иликтөө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмасын берди. Бийлик куткаруу жана жабыркагандарга... Читать дальше...

"Өзүбүз умтулбасак кул болуп кетербиз". Төрөкул Жанузаковдун күрөшү

Azattyk.org 

ХХ кылымдын башында кыргыздардын мамлекеттүүлүк жөнүндө түшүнүктөрү кандай болгон? Ошол доордун каармандарынын бири, совет мезгилинде басмачы катары ысымы эскерилбей келген Төрөкул Жанузаков тууралуу эмне билебиз? Тарыхчы Элебай Турганбаев менен талкуулайбыз.

"Толук изоляцияда калат". Каракалпак активистинин абак мөөнөтү узарды

Azattyk.org 

Өзбекстанда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу ошол акциялардын лидери катары кармалып, 16 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан активист Даулетмурат Тажимуратовго дагы беш жыл кошулду. Навоиде сот аны "өтө кооптуу рецидивист" деп атап, шарты катаалыраак колонияга которууну токтом кылды.

Бишкек–Ош жолу: Таш кулаган тилкени тазалоо иштери жүрүүдө

Azattyk.org 

5-майда түнкү саат 01:00-02:00 чамасында Бишкек - Ош унаа жолуна чоң көлөмдөгү таш көчкү түштү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашкандай, таш Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы тилкеге түшкөн. Учурда атайын техника тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Аталган мекеме жолдун бир тарабы ачылып, бир тараптуу кыймыл камсыздалганын кабарлады. Министрлик айдоочуларды этият болууга жана жол эрежелерин так сактоога чакырды. Таш көчкүдөн жабыркагандар бар-жогу айтылган жок. Буга чейин министрлик... Читать дальше...

Жапаров Баш мыйзамдын ар бир беренесин урматтоо маанилүү экенин эскертти

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 5-май – Конституция күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктап, Баш мыйзам улуттук идеологиянын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ экени белгиледи. «Көп этностуу өлкөбүздө Конституция ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел», - деди Жапаров. Президент «Конституция өлкөнүн... Читать дальше...

БАЭ Ирандын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын кабарлады

Azattyk.org 

Вашингтон менен Тегеран атышууну токтотконун жарыялагандан бери биринчи жолу Иран Бириккен Араб Эмирликтерин (БАЭ)дрон жана ракета менен аткылады. БАЭнин аба соккуларынан коргонуу күчтөрү Ирандан учурулган 19 ракета жана учкучсуз учуучу аппаратты кармашканын өлкөнүн Коргоо министрлиги 4-майда X социалдык медиа платформасындагы баракчасына жазды. Министрликтин маалыматына караганда, Иран БАЭге карай 12 баллистикалык ракета, үч канаттуу ракета жана төрт дрон учурган. Дрон чабуулунан кийин Фужайра мунай комплексинин жанында өрт чыккан. Читать дальше...