ru24.pro
World News in Kyrgyz
Август
2025

Новости за 21.08.2025

Казак президенти Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Коңшу өлкөнүн мамлекет башчысын “Манас” аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Эки күнгө созулган сапар учурунда кыргыз-казак алакасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Ошондой эле Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу, Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалы ачылары кабарланган. Эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда... Читать дальше...

Баткенде жети айда 16 бала сууга чөгүп каза болду

Azattyk.org 

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдагандай ушул жылдын жети айында облус аймагынан 16 бала сууга чөгүп каза болду. Облустук милиция кооптуу деп эсептелген канал, көлмө жана суу сактагычтардын айланаларына эскертүү тактайчалары орнотулуп, айланасында жашаган жергиликтүү тургундарга коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берилип келатканын билдирди. “Мындан тышкары, кооптуу аймактарды тосуу жана кошумча белгилерди орнотуу максатында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана жергиликтүү өз алдынча... Читать дальше...

Кыргызстанда мал-жандыкты сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол коюп, ал ушул эле күнү күчүнө кирди. Мындай чечим, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, эттин баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды. Мелдештерге катышуу үчүн даярдалган, чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке берилүүчү жылкылар сыртка чыгарыла берет. Өлкөдө эттин баасы кымбаттап кеткендиктен... Читать дальше...

Британия "Капитал банкка" санкция салды, Жапаров аны адилетсиз деп атады

Azattyk.org 

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди.

Байсалов дарыгерлерге “чай пул” берүү өкмөттүн позициясы эмес экенин айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дарыгерлерге “ыктыярдуу кошумча төлөм” же “чай пул” берүү демилгеси өкмөттүн расмий позициясы эмес экенин айтты. Анын маалыматына караганда, бул тууралуу Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны азайтуу иши менен алектене турган ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында гана сөз болгон. “Кафеде адамдарды тейлеген (официант) кызматкерлерге бериле турган чай пулду дарыгерлерге байланыштыруу медицина кызматкерлерин басынтат. Читать дальше...

Садыр Жапаров кыргыз банктарына салынган санкция боюнча Трамп менен Стармерге кайрылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын “Керемет банк” менен “Капитал банкына” АКШ жана Улуу Британия салган санкциялар тууралуу комментарий берди. Мамлекет башчынын маеги 21-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине чыкты. Президент Орусияга салган санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген негиз менен 2025-жылдын январь айында АКШ “Керемет банкка” санкция киргизгенин, бирок бир да факты көрсөтө алышпаганын, азыр да санкцияларды айланып өткөн факты жок экенин айтты. Ошондой эле АКШнын... Читать дальше...

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директоруна санкция салды

Azattyk.org 

Улуу Британия “Капитал банкка” жана анын директору Кантемир Чалбаевге санкция салды. Лондон Орусия бул банкты аскердик товарларды сатып алууга пайдаланганын жана бул үчүн криптобиржа да колдонулганын билдирди. Кыргызcтанда ачылганы айтылган Grinex аттуу криптобиржа да Улуу Британиянын санкциясына илинди. Financial Times эл аралык басылмасы Garantex жана анын уландысы Grinex жөнүндө быйыл 25-июнда жазып чыккан. Басылма анда Grinex аттуу криптобиржа быйыл февралда Кыргызстандын аймагында уюшулганын маалымдаган. Читать дальше...

ӨКМ Ала-Арча капчыгайынан орусиялык эки альпинисти куткарды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ала-Арча капчыгайынын “Байчечекей” чокусунда калып калган орусиялык эки альпинист куткарылганын билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, алар 20-августта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келатканканда караңгы кирип кетип, жол таппай тоодо түнөп калышкан. “Байчечекей” чокусу деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып... Читать дальше...