ru24.pro
World News in Kyrgyz
Август
2025

Новости за 13.08.2025

"Эми кайда барып жашайбыз?" Кара-Суу районундагы "снос"

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Октябрь айылында жаңы салып жаткан турак үйлөрү сүрдүрүлгөн 10дон ашык жаран президенттин Ош облусундагы өкүлүнө кайрылды. Алар аталган жер тилкесине 2018-жылы токтом чыгып, элге бөлүнүп берилгенин, учурда үйлөрүн толук бүткөрүп жашап жаткан жарандар дагы бар экенин айтып жатышат. Жергиликтүү бийлик облуста жалпысынан 711 мыйзамсыз курулуш аныкталганынын билдирген.

Сеул: Экс-президенттин аялы "пара алган" деп камалды

Azattyk.org 

Сеулдагы сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти, оор кылмышка шектелип жаткан Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды. Быйыл апрелде импичмент жарыяланып, ага чейинки жапырт нааразылыктын күчү менен "бийлигинине аша чапкан" деп айыпталган экс-президенттин жубайы көз боёмочулук кылган, пара алган деп айыпталууда.

Starlink компаниясы Казакстанда интернет таратуу ишин баштады

Azattyk.org 

Эл аралык Starlink компаниясы 13-августта Казакстанда спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет таратуу ишин баштаганын өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, мындан ары Казакстандын жашоочулары SpaceXтин спутниктик түйүнү аркылуу жогорку ылдамдыктагы жана стабилдүү интернет тутумуна кошула алышат. 12-июнда Казакстандын өкмөтү менен кол койгон макулдашууга ылайык, Starlink компаниясы бул мамлекеттин бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алган. Казакстандын Санариптик өнүктүрүү... Читать дальше...

Тажик президентинин кичүү кызы саламаттыкты сактоону реформалоо ишин жетектейт

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кичүү кызы Фарзона Эмомали Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги реформалар, алгачкы медициналык-санитардык жардам көргөзүү жана эл аралык байланыштар боюнча башкармалагына жетекчи болуп дайындалды. Аталган министрлик билдиргендей, 27 жаштагы Фарзона Тажикстандын мамлекеттик медициналык университетинин "Дарылоо" факультетин, андан кийин "Педиатрия" адистиги боюнча ординатураны бүтүрүп, 2023-жылы президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан диплом алган. Читать дальше...

"90 миңден ашуун кыргызстандык чыгарылышы мүмкүн". Орусиянын реестрине кирген мигранттар

Azattyk.org 

Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.

Эки-Нарында көпүрө кулап, бир адам каза болгону кабарланды

Azattyk.org 

Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, бир адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Нарын дарыясына курулган жыгач көпүрө жүк ташуучу автоунаа өтүп баратканда кулаган. Дарыяга кулаган автоунаанын айдоочусунун сөөгү учурда изделүүдө. Анын кесепетинен айдоочу каза болгону айтылууда. Учурда айылды Нарын шаары менен байланыштырган жалгыз көпүрө жараксыз абалга келди. Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы... Читать дальше...

Кыргызстан менен Ооганстан экономика, салык саясаты боюнча кызматташат

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковдун чакыруусу менен өлкөгө Ооганстандын соода жана өнөр жай министринин милдетин аткаруучусу Ноуреддин Азизи баштаган делегация келди. 13-августта тараптар эки өлкөдө соода үйлөрүн ачуу боюнча макулдашып, кызматташууну өнүктүрүү боюнча жол картасы жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Ноуреддин Азизи ушул эле күнү Кыргызстандын мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Джиенбеков менен да жолугушту. Читать дальше...

Түштүк Кореянын абактагы экс-президентинин аялы да камалды

Azattyk.org 

Сеулдагы сот шейшембиде өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды. Юн былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда расмий түрдө кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган. Түштүк Кореяда мурдагы президенттер камакка алынганы буга чейин көп эле болгон, бирок аялы да абакка отургузулганы алгачкы ирет болуп жатат. Читать дальше...

Министрлик: Кыргызстанда кан донору болууну каалагандар өтө аз

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги 4-августтан бери 1014 адам кан донору болуп, бул убакыт аралыгында 261 литр эритроцитардык масса жана 311 литр плазма даярдалганын билдирди. Министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, донордук канга муктаждыкты жабуу үчүн ар бир 1000 кишиге кеминде 40 донор болушу шарт экенин, Кыргызстанда 1000 адамга болгону 6 донордой эле туура келерин кошумчалады. Бул эл аралык ченемден алты эседен ашык төмөн. Калкы болжол менен 7 миллион болгон өлкөгө жылына жок дегенде 280 миң донор талап кылынат. Читать дальше...

"Мен чынармын кылым көктөп куурабас". Омор Султановдун акындык доору

Azattyk.org 

Омор Султанов бир ырында: "Акын болуу кандай оор! Жеңил болуу – президент. Акын жүгү – бүтүн бир доор!" - деп жазган эле. Бул эми, албетте, метафора маанисинде айтылган, көтөрүңкү маанайдагы сөз деңизчи, бирок мунун Омор акындын өзүнө жакшы эле жараша турган жөнү бар: ал кыргыздын улуттук адабиятында, айрыкча поэзиясында бүтүндөй бир доордун жүгүн аркалаган, өзү да поэтикалык бүтүндөй бир доорго айланган ысым катары калды. Омор акындын доору өткөн кылымдын экинчи жарымындагы "жылымтык" ("оттепель")... Читать дальше...

Бишкекте милиция бөлүмүндөгү адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын №1 шаардык милиция бөлүмүндө каза болгон 25 жаштагы (М.А.) адамдын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликтен аша чабуу” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Ленин районунун прокуратурасы козгогон иш андан ары тергөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды. Башкы көзөмөл органы соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тийиштүү бардык тергөө... Читать дальше...

Ататүрк паркы боюнча мунаса: Үйлөр бузулбайт, мэрияга акча төлөйт

Azattyk.org 

Бишкек мэри калаадагы Ататүрк паркында курулган үйлөр бузулбай турганын, ал жактагы турак жай ээлери менен бир пикирге келгенин, алар паркты өнүктүрүү үчүн каражат берерин билдирди. Мындай мунаса көп жылга созула турган соттошууларды болтурбоо үчүн кабыл алынган.