Чаткалда алтын казган ишканага нааразы болгондор жол тосушту
Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Терек-Сай айылындагы “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жумушчулары жана жергиликтүү тургундар компанияга нааразы болуп жол тосушту. Акимдин айтымында, 12-декабрда алар ишкананын үч айдоочусунун жумуштан алынганына жана “экологиялык талаптар сакталбай жатат” деп нааразы болуп топтолушкан. Учурда жол ачылып, чогулгандар тарап кетишти. “Чоң жүк ташуучу машиненин үч айдоочусун жумуштан кетиришкен. Алар талаптагыдай иш алып барбаганы себептүү иштен алыныптыр. Читать дальше...
