ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026

Казакстанда жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууланды

0

Казакстанда Конституциялык реформа боюнча түзүлгөн комиссия 30-январда Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулады.

Жыйында Конституциялык соттун төрагасы Бакыт Нурмуханов документ преамбуладан, 11 бөлүмдөн жана 95 беренеден турарын билдирди.

Долбоорго ылайык, Баш мыйзамда президенттик башкаруу формасы калат. Өлкө эгемендиги, көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү жана башкаруунун формасы өзгөрбөй турган баалуулуктар категориясына киргизилет. Мамлекеттик бийликтин жана эгемендиктин жалгыз ээси эл экени көрсөтүлөт.

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда 145 депутаттан турган, Курултай деп аталган бир палаталуу парламент болот. Конституцияга өзгөртүүнү президенттин чечими жана референдум аркылуу гана киргизүү мүмкүн.

Долбоордо вице-президент кызматы киргизилген жана аны президент Курултайдын макулдугу менен дайындары жазылган.

Буга чейин азыркы Конституциянын 77 беренесине өзгөртүү киргизүү каралып жаткан. Бирок Конституциялык реформа боюнча комиссия жаңы Баш мыйзам кабыл алуу керек деген бүтүм чыгарган.

Аталган комиссия 21-январда эле түзүлгөн жана ага 130 адам мүчө болгон. Комиссияга бир аптадай убакыттын ичинде жарандардан эки миңдей сунуш түшкөнү, анын баары каралып чыкканы маалымдалган.

Азыр Казакстандын эки палаталуу парламенти 148 депутаттан турат (98и — Мажилисте, 50сү — Сенатта)

Казакстандын азыркы Конституциясы 1995-жылы кабыл алынган жана бир канча жолу өзгөртүлгөн.