ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29 30
31

Былтыр Орусиянын Жогорку окуу жайларынан 600гө жакын тажик студенти чыгарылды

0

Өткөн жылы 600гө жакын тажик студенти Орусиянын Жогорку окуу жайларынан (ЖОЖ) чыгарылды. Бул тууралуу 30-январдагы пресс-конференцияда Тажикстандын билим берүү министринин орун басары Лутфия Абдулхоликзода билдирди. Анын маалыматына караганда, алардын бардыгы мекениндеги окуу жайларда билим алууну улантмакчы.

Абдулхоликзода былтыркы ноябрда Тажикстан менен Орусиянын өкмөт аралык делегацияларынын жыйынында тажик студенттерин ЖОЖдордон жапырт чыгаруу маселеси талкууланганын айтты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусиянын окуу жайларынан акыркы эки жылда чыгарлыган 730 студенттин кайтып баруу ыктымалдыгы тууралуу макулдашылган. Бирок студенттердин басымдуусу мекениндеги ЖОЖдорго которулуп окуусун улантып жаткан, көбү «Орусияга кайтып барууну каалаган эмес».

Акыркы кезде студенттер жана жакындары Орусияга кирүүдө кыйынчылыктарга туш болгонуна көп даттанышат. Кээде алар каникулдан кайтып баратканда чек арадан өтө албай же окуусун улантууда тоскооодуктарга кабылган.

Тажик бийлиги буга чейин орус тарап студенттерди окуудан чыгаруунун себебин кээ бир учурларда түшүндүрбөй койгонун билдирген.

Студенттер эмгек мигранттарынын категориясына кирбейт жана орус ЖОЖдорунда мамлекет аралык макулдашуулардын негизинде билим алышат.