Баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитация борборун ачуу пландалууда
Саламаттык сактоо министрлиги Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан инсульттан кийинки бейтаптарды реабилитациялоо борборунун базасында баңгизатка көз каранды адамдар үчүн мамлекеттик реабилитациялык борбор ачууну көздөп жатат. Министрлик ал борбордо 80 орун болорун билдирди.
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов бул маселе боюнча дарыгер-нарколог Жеңишбек Назаралиевдин катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүп, баңгизатка көз каранды адамдарды реабилитациялоо ишин талкуулады.
Каныбек Досмамбетов Кыргызстанда мыйзамсыз иш алып барган реабилитациялык борборлорго жол берилбесин айтты. Жеңишбек Назаралиев тажрыйбасы менен бөлүшүп, адистерди тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) январь айынын ортосунда “Путь в жизнь” реабилитациялык борборунда бейтаптар сабалып, кыйноого кабылганын кабарлаган.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, борбордун кызматкерлери бейтаптарды атайын керебеттерге байлап, аларга ар кандай атайын кыйноочу буюмдарды колдонгону аныкталган. Кээ бирлерин караңгы бөлмөлөргө 7-8 сутка камап, басым кылышканы такталган.
Борбор бул кызматы үчүн ар бир адамга ай сайын 80 миң сомдон алып турган. Бейтаптардын жакындары кыйноо фактылары тууралуу кабары болбогону айтылган. Бул ишке байланыштуу сегиз адам кармалып, Бишкек шаарынын милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (BTo)
