ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Президент Жапаров менчик автомектептердин ээлерине жооп берди

0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кыргызстанда менчик автомектептердин жабылышы жана айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчүн окуунун мөөнөтү узарганы тууралуу комментарий берди.

Өлкө башчы менчик автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечимин коррупциялык иштерди токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максаты менен түшүндүрдү. Бирок автомектептер кайсы мыйзамдын, кандай эреже менен мамлекетке өтөрүн түшүндүргөн жок.

Садыр Жапаров окутуунун начарлыгынан жеке автомектептердин бүтүрүүчүлөрү азыр бир нече жолу экзамен тапшырып өтө албай жатышканын, айдоочуларды окуткан мекемелер пайда табууну гана көздөп жатышканын кошумчалады.

“Биз аларга алдын ала эле эскерткенбиз. 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектигин айтканбыз. Бирок көпчүлүгү баягы эле жол менен иштей берди. Алар үчүн керек болсо 10 күн окутуп, сертификат бере калуу пайдалуу. Анткени чөнтөктөрүнө акча түшүп турат, ал эми айдоочуну даярдоо жоопкерчилиги экинчи планда калган. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле менен бул тармакты калтырууга болбойт. Бирок, жеке автомектептерде иштеген адистерди жумушсуз калтырбайбыз, аларды мамлекеттик автомектептерге жумушка кабыл алабыз”, - деди президент.

Садыр Жапаров мамлекеттик автомектептерде зарыл шарттар түзүлүп, заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болорун айтты. Курсанттар машиненин тетиктеринен тартып, жол эрежелерин үйрөнүп, жолдо жүрүү маданиятын да окуп чыгарын белгиледи.

“Окуунун баасы 100-150 миң сомго чейин чыгат” деген маалымат туура эмес экенин, азыр эсептелип жатканын айтып, бирок так канча сом болорун атаган жок.

Кыргызстандагы менчик автомектептердин ээлери 23-январда курсанттарды каттаган тутумдун иши эч кандай эскертүүсүз токтотулуп, окутуу процесси үзгүлтүккө учураганын айтып чыгышты. Алар 26-27-январь күндөрү катары менен Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунун борбордук аппаратына чогулуп, түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

Бул маселени Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин 28-январдагы жыйынында көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү.

В жана С категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча жаңы окуу программасы бекитилгени кабарланган. Эми В категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 480 саат же 10 ай болот. ВС категориясындагы күбөлүктү алуу үчүн курсанттар 12 ай окуйт.

Теориялык экзаменди жасалма интеллект алат. Буга чейин жолдо жүрүү эрежелери боюнча 750 суроо болсо, эми ал 2000ге чейин көбөйтүлдү. Окуунун баасы канча болору расмий айтыла элек. Бирок менчик автомектептердин ээлери В категориясына 70 миң сом, ВС үчүн 88 миң сом болот деген маалымат бар экенин, практикалык окууну кошкондо окуу 100 миң сомдон ашып кетерин билдиришти.

Кыргызстанда жалпы 345 автомектепке лицензия берилген. (BTo)