УКМК мектеп, бала бакчаларда "бомба бар" деген жалган маалымат тараткан окуучу кармалганын билдирди
Жалал-Абад облусунда мектеп, бала бакчаларда "жардыргыч зат коюлган, бомба бар" деп жана башка ушул сыяктуу террордук билдирүүлөрдү жасап жүргөн деген шек менен 8-класстын окуучусу кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Мекеме ал Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жашагандыгын, Фейсбуктагы "Казарман реклама" деген жабык баракчасына билим берүүчү мекемелерге террордук чабуулдар даярдалып жатканы тууралуу билдирүүлөрдү жайгаштырганын маалымдады. Өспүрүм айылдагы мектептердин биринин окуучусу экени аныкталды.
"Ыкчам тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ал интернетте башка адамдардын таасирине кирип, психологиялык басым алдында болгону аныкталган. Кармалган өспүрүм кийинки процессуалдык иш-аракеттер үчүн тийиштүү тараптарга өткөрүлүп берилди", - деп билдирди УКМК.
УКМК террордук коркунуч сыяктуу оор кылмыштарга жоопкерчилик 14 жаштан карала турганын, кылмышы далилденсе адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратыларын эскертти.
Мектептерде, ири соода борборлорунда жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар акыркы жылдары Бишкекте да арбын катталган. Имараттардан адамдар эвакуацияланып, окуу процесси, соода жана башка иштер үзгүлтүккө учураган.(ZKo)
