ru24.pro
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30
31

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8,8 млрд доллардан ашты

0

2025-жылдын ноябрь айынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 8 млрд 850,12 млн долларга жетти. Бул тууралуу жаңы маалымат Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.

Мунун 5 млрд 288,63 млн доллары тышкы карыз, 3 млрд 561,49 млн доллары ички карыз.

12 айдын эсеби чыга элек. Адатта мамлекеттик карызга байланыштуу маалыматтар бир-эки ай кечигип чыгат.

Бир жыл мурда – 2024-жылдын ноябрь айында жалпы мамлекеттик карыз 6 млрд 551,24 млн болчу.

Президент Садыр Жапаров бийликке келген алгачкы күндөрү Кыргызстандын мамлекеттик карызын азайтууга убада кылып келсе, кийин көз карашы өзгөрүп, “өнүгүү үчүн мамлекет карыз алса боло турганын, өлкө өнүккөндө аны төлөп салуу көйгөй жаратпайт” деген позицияга келген.

Мамлекет башчы 2024-жылдын 13-апрелинде "Кабар" агенттигине курган маегинде коомчулукта тышкы карыз боюнча күчөгөн талкууларга жооп берип, "түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбеген жарандарыбыз тышкы карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деген пикирин айткан. "Азыр алынып жаткан карыздардын ар бир доллары конкреттүү, өзүн өзү актай турган долбоорлорго жумшалат. Ошондуктан тышкы карызыбыз 10-15 млрд долларга чыкса дагы эч кам санабай эле олтура берсеңиздер болот", – деген ал.

2025-жылдын 20-февралында “Кабардагы” башка интервьюсунда Жапаров “тышкы карызды бир күндө төлөп койсо боло турганын, бирок ал пайдасыз экенин, ошондуктан 2035-жылга чейин график менен эле төлөнөрүн” билдирген. (ErN)