Бишкек: Анар-Бакка мыйзамсыз үйлөрдү бузуучу техника барды, тургундар каршылык билдирүүдө
23-январда Бишкектин Октябрь районундагы Анар-Бак конушунда үйлөрү бузулары айтылган эл топтолду, алар бийликтин аракетине каршылык билдирүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден кабарлады.
22-январдын кечинде конуштун айрым тургундары №406 муниципалдык аймактык башкармалыктан эскертүү алышкан. Анда мындагы 6 үйдүн ээси бир күндүн ичинде үйлөрү турган жер тилкесин бошотушу керектиги айтылган. Кагаз жүзүндө берилген билдирүүдө бул үйлөрдүн курулушу мыйзамсыз экени белгиленген.
Ондогон тургундар чогулган жерге Октябрь районунун акиминин орун басары Марат Турсунов жана №406 муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы Нурсултан Нурлан уулу барды.
Алар өз сөзүндө өткөн жылдын күз айларында конуштагы курулуштар эсепке алынганын, ал эми 20-январда кайра дрон учурганда дагы 6 үй жаңы салынып калганын белгилеп, үй ээлери мыйзамды бузганын билдиришти. Ошондуктан үйлөрдү бузуу үчүн “Тазалыктын” техникасы тартылып, коомдук коопсуздукту кароого милиция да барган.
Жергиликтүү тургундар буга каршылык билдирүүдө. Алар жерди мыйзамдуу сатып алганын, жаңы тургузулган үйлөр жеңил конструкциядан салынганын, кыштын чилдесинде үйдөн чыгаруу туура эмес болорун айтууда. Жашоочулар акимдин орун басарынан мартка чейин, атайын комиссия ишин жыйынтыктамайын үйлөрүн тийбей турууну суранууда.
Апта башында Анар-Бактын тургундары конушка расмий “калктуу конуш” макамын берүүнү суранып, бийликке кайрылган. Мында жалпып 600 жер тилкеси бар. Анын 400үнө үй салынып, 200гө чукулу мунапыстын алкагында кызыл китеп алган. (KS/ErN)
