Аравандагы жер талаш
Апта башында Оштун Араван районундагы айылдардын биринде жүздөн ашык киши чогулуп, жайыт жерди жеке колго берүүгө каршылык билдирип чыкты. Алар жайыт жерлер улам тарып баратканын, мурда дагы бир топ жер берилип кеткенин айтууда.