ru24.pro
World News in Kyrgyz
Май
2024

Новости за 03.05.2024

Сузак: Ооруканадагы абалы оор балдар Бишкекке которулду

Azattyk.org 

Сузакта 30дай бала жабыркаган кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Ушул тапта 12 окуучу ооруканада жатат. Дарыгерлер алардын бешөөнүн абалын оор деп баалашууда. Жабыркагандар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр. Кырсык 2-майда саат 13:30 чамасында Сузак районунун аймагындагы талаада болгон.

Европада чемпион болгон кыргыз чабендестер

Azattyk.org 

Кыргызстандык чабандестер Польшада соңку үч жыл катары менен ат чабыштан чемпион болуп, алдына эч кимди чыгарбай келет. Борбордук Европадагы бул өлкөдө ушул тапта 20га жакын кыргыз жигити ат спорту менен алектенет. Алар буга чейин Кыргызстанда жеңишке жетип, бирок жаш курагына байланыштуу чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон. “Азаттык” Польшада шамал менен жарышкан кыргыз жигиттеринин талбаган эмгек менен жаралган ийгилигин көрсөтөт.

Шайлоо: Бир мандаттуу система өзүн актадыбы?

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-июнга дайындады. Өткөн апта соңунда өткөн дагы үч округдагы кезексиз шайлоонун расмий тыянагы жарыялана элек.

Күлсарыда суу баскан үйлөр көгөрүп жатат

Azattyk.org 

Атырау облусунун Қүлсары кааласында 3 миңге жуук жеке жер тамдардан бөлөк көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсү менен биринчи кабаттарын суу каптаган. Калаадагы бир нече тургун азыр үйлөрүнө кире албай жатканын "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына айтып берди.