ru24.pro
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 21.12.2018

Назгүл Ташпаева президенттик аппараттын бөлүм башчысы болду

Azattyk.org 

Назгүл Ташпаева Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бүгүн кол койду. Ташпаева 45 жашта. 2003-2009-жылдары өкмөттүк жана президенттик аппараттарда бөлүм башчылык, эксперттик  кызматтарда иштеген. 2009-жылы эмгек жана социалдык коргоо министри болгон. Кийин эл аралык уюмдарда иштеп жүрдү. Жарандык өнүктүрүү, диний жана улуутук саясат бөлүмүн... Читать дальше...

Элчилик: Казакстанга автоунаа менен жолго чыкпай кое тургула

Azattyk.org 

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги аба ырайына байланыштуу эскертүү таратты. Анда Астана шаарында 21-22-декабрда абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -30га чейин жетери айтылат. “Акмоло облусунун түштүгүндө түнкүсүн суук -33гө, Карагандада -35, ал эми Чыгыш-Казакстан облусунда -38 градуска жетет. Ошондуктан Казакстандын аймагы аркылуу автомашина менен жолго чыкпай турган туура” дейт элчилик.

Лондон аэропорту "дрондордун чабуулунан" кийин кайра ачылууда

Azattyk.org 

Лондондун "Гэтвик" аэропортунда дрондор каптап учуп келген окуядан кийин аба каттамдары кайра жандана баштады. Британ баш калаасындагы экинчи ири аэропорт 21-декабрдагы билдирүүсүндө азыр учуу тилкелери чектелүү сандагы каттамдар үчүн кайра ачылганын маалымдады.  Бирок аба майданынын жетекчилиги айрым каттамдар кечигип же токтотулуп калышы мүмкүн экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аэропортко келерден мурда каттамдардын статусун текшерип алууга чакырды.  19-декабрдын кечинен тартып 50дөн ашык чакан дрондор "Гэтвик" аэропортуна учуп келип... Читать дальше...

Де Мистура расмий түрдө кызматтан кетти

Ca-irnews.com (kg) 

БУУнун Башкы катчысынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура бейшемби күнү Коопсуздук Кеңешине өлкөдөгү абал боюнча акыры отчетун берип, расмий түрдө уюмдагы кызматынан кетти.

Роскомнадзор ВВСнин ишмердигин текшерет

Azattyk.org 

Орусиянын байланыш жана маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси британиялык телерадиоберүүлөр корпорациясынын (ВВС) интернет-сайты менен "BBC World News" телеканалы боюнча текшерүү иштерин баштаганын билдирди.  Мындай чечим Британиянын телекоммуникация чөйрөсүн тескеген "Ofcom" мекемеси Орусия каржылаган "RT" (Russia Today) телеканалы бейтараптык принцибин бузганын билдиргенден көп өтпөй кабыл алынды.  "Роскомнадзор" 21-декабрдагы билдирүүсүндө ВВСнин материалдары... Читать дальше...

Чех шахтасындагы жарылуудан 13 киши мерт болду

Azattyk.org 

Чехияда көмүр шахтасындагы жарылуудан каза тапкан кенчилердин саны 13кө жетти. Бул тууралуу чех маалымат каражаттары 21-декабрда кенди иштеткен компаниянын өкүлдөрүнүн айтканына таянуу менен кабарлашты. OKD мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 20-декабрда баш калаа Прагадан чыгышты көздөй 300 чакырым алыстыктагы Карвина шаарынын жанындагы CSM көмүр шахтасында 800 метр тереңдикте метан газы жарылган. Алгач беш адам каза болгону ырасталып, сегиз адамдын дайыны чыкпай жатканы кабарланган. Читать дальше...

Өкмөт "Унаа" деген ишкана түздү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү "Унаа" деген мекеме ачты. Ал өлкөдөгү автоунааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу болот. 21-декабрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы ишкана боюнча кеңешме өткөрүп, машинелерди жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге, коррупцияга байланыштуу коомчулуктан нааразы пикирлер көп болуп жатканын айтты. «Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана бюрократия жарандар үчүн ыңгайсыздык жаратууда" деди өкмөт башчысы. Жаңы мекемеге кызматкерлер... Читать дальше...

22-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

22-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -3...+2, Таласта түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...+2, Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1, Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,  Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...-6... Читать дальше...

АКШнын коргоо министри кызматтан кетүүнү чечти

Azattyk.org 

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис кызматтан кетмей болду. Ал өз чечимин түшүндүргөн катты 20-декабрда президент Дональд Трампка жиберди. Анда Мэттис кызматтан кетүү тууралуу өз чечимине президент менен көз караштары туура келбей калганын жүйө келтирген. Ал ошондой эле АКШнын өз өнөктөштөрү менен жигердүү иш алып барышын, ошондой эле Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттерге каршы турууну жактай турганын белгилеген. "Сиз бул жана башка маселелер боюнча өзүңүздүн көз карашыңызга туурараак келген... Читать дальше...

Мурат Раматов Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук администрациясынын башчысы болуп Мурат Раматов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Жаңы акимди 21-декабрда Жети-Өгүз районунун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев тааныштырды. 2014-жылдан бери бул кызматты Калысбек Жүдеев аркалап келген. Ал облус башчысынын сунуштамасы менен иштен кеткен. 45 жаштагы Мурат Раматов Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 2014-2016-жылдары Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары болуп иштеген. Читать дальше...

Отунбаева: Парламенттик демократияга жетиш үчүн сабырдуулук керек

Azattyk.org 

“Парламенттик демократияга жетиш үчүн сабырдуулук керек” деди бүгүн экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган конференцияда. Анын айтымында, парламенттик демократиянын жолу жана Жогорку Кеңештин ишмердиги боюнча талдоо жүргүзүү зарыл. Ошондой эле Отунбаева азыркы парламенттин ишиндеги кемчиликтерди санап өтүп, фракциялар өкмөт жана коалиция үчүн жоопкерчиликти сезбей жатканын айтты. Экс-президенттин пикиринде, парламенттик оппозиция алсыз болуп, чечим кабыл алууда атаандаштык кыла албай жатат. Читать дальше...

Бекназаров депутаттарды Конституцияны өзгөртүүгө чакырды

Azattyk.org 

Саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешти конституциялык реформа жасоого чакырды. Бүгүн кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган талкууда сүйлөп жатып, ал 24-ноябрда өткөн курултайда конституциялык реформа жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү деген эки талап коюлганын белгилеп, бүгүнкү жыйында президенттен бул боюнча жооп алганын билдирди. Бекназаров мындай учурда Жогорку Кеңеш өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин айтып, депутаттарды конституциялык реформага барууга чакырды. - Депутаттар, көз каранды эмес экениңерди көрсөткүлөчү. Читать дальше...

Сын жана мактоо коштогон жыйын

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун алгачкы басма сөз жыйыны өлкөдөгү саясий турмуштун башкы окуясы болду. Жыйын жүрүшүндөгү президенттин билдирүүлөрүн эксперттер талдап жаткан чагы.

Шеримкулов: Конституцияны өзгөртүүгө азыр эң ыңгайлуу учур

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин "Легендарлуу парламент" аттуу чакырылышынын төрагасы Медеткан Шеримкулов азыр Конституцияны өзгөртүүгө эң ыңгайлуу учур болуп турат деп эсептейт.  Бул тууралуу ал 21-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун "Баш мыйзамды өзгөртүүгө азырынча зарылчылык жок" деген пикирине кошулбай тургандыгын билдирди. Шеримкулов 2020-жылга чейин өзгөртүүгө чек коюлганын белгилеп... Читать дальше...

КСДП: УКМК элди алдап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сапар Исаков тууралуу коомчулукка туура эмес маалымат таратып жатат деп эсептейт. Партия 21-декабрда билдирүү таратып, “УКМКнын басма сөз кызматы элди алдап жатат. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авария анын эски бөлүгүндө болгону аныкталган. Себебин сот териштирип жатат. Ал эми Сапар Исаков бул иште соттолуучу да, күбө да эмес. Авария үчүн ага айып коюлган эмес” деди.  Ошондой эле КСДП... Читать дальше...

Отунбаева парламент Текебаев маселесин көтөрбөгөнүнө өкүндү

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Жогорку Кеңеш Өмүрбек Текебаевдин маселесин көтөрбөй жатканын сынга алды. Ал бүгүн Бишкекте кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып ушундай пикирин айтты. Отунбаева парламентаризмди өнүктүрүүгө Текебаев сыяктуу салым кошкондор аз экенин белгиледи:  - Бул мааракенин жүрүшүндө Текебаевдин маселеси көтөрүлүшү керек болчу. Президент Текебаев боюнча соттун бардык баскычтарында чечим кабыл алынып калганын айтууда. Читать дальше...

Банк уячалары тууралуу каттын жайылышы иликтенет

Azattyk.org 

Каржылык чалгын кызматы коммерциялык банктарга жолдогон кат коомчулукка кандайча жарыяланып кетишин иликтөө өтүнүчү менен укук тартибин коргоо органдарына кайрылды. Бул тууралуу 21-декабрда мекеменин жетекчиси Гуламжан Анарбаев Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди. Анын айтымында, кеп кардарлардын эсептери жана банк уячалары боюнча "өтө маанилүү" деген белгиси бар кат тууралуу болуп жатат: - Банктарга жөнөтүлгөн кат туура эмес чыгып кетти. Бул документ боюнча элге туура эмес маалымат берилип жатат, - деди Анарбаев. Читать дальше...