ЕБ: Кабелди үзгөн деп шектелген танкер Орусиянын көмүскө флотуна таандык
Европа комиссиясы Балтика деңизинде интернет кабелдерин атайылап керектен чыгарган деп шектелген танкер Орусиянын “көмүскө флотунун” бир бөлүгү экенин айтып, Москвага жаңы санкция салынарын эскертти. Мунай ташыган кемени Финляндия бийлиги колго түшүргөн. “Биз Европанын маанилүү инфраструктурасына зыян келтирүүнү катуу айыптайбыз...Орусиянын көмүскө флоту коопсуздукка жана экологияга залакасын тийгизүүдө, Орусиянын согуш бюджетин толуктап жатат”, - деп айтылат Евробиримдиктин 26-декабрдагы билдирүүсүндө. Читать дальше...