Акылбек Жапаров мектептердеги сабак берүүнүн сапатын начар деп баалады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан “Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү” улуттук өнүктүрүү форумунда Кыргызстандагы мектептерде жана жогорку окуу жайлардагы билим берүү системасын өзгөртүү керектигин айтты. Жапаров бул боюнча кескин чаралар башталганын билдирди. “Мектеп ар бир баланы ириде дайыма маалыматты чогултуп аны критикалык ой-жүгүртүү менен иштеп чыгып, анализдеп анан жаңы билимге ээ болгонду үйрөтүшү керек. Азыркы күндө эң маанилүү тапшырма мугалимдикти ойготуу, кайрадан аларга шык берүү. Читать дальше...