Главные новости Унечи
Унеча
Апрель
2019
1
2
3
4 5 6
7
8 9
10
11 12 13
14
15 16 17 18 19
20
21 22 23 24 25 26 27 28 29 30

Польша менен Беларус орус мунайын өткөрүүдөн баш тартты

0
Польша менен Беларус "Дружба" өткөргүчү аркылуу орус мунайын кабыл алууну токтотушту.  Буга батыштык сатып алуучулар "булганган жана сапаты начар" деген негизде орусиялык мунайды алуудан баш тартканы жүйө келтирилди.  


Беларус 19-апрелде советтик доордо курулган "Дружба" өткөргүчү аркылуу келген мунайдын сапаты кескин начарлап кеткенин билдирген. Булганычтын булагы Орусиянын Самара-Унеча мунай өткөргүчүнө жакын жерден табылганын айткан.


Мунай өткөрүүгө жооп берген "Гомельтранснефть - Дружба" компаниясы нефти ташуунун токтотулушунун чоо-жайы белгисиз деп кабарлады. Шаршембиде аталган компания орус мунайын Чехия, Словакия жана Венгрияга Украина аркылуу өткөн түтүк аркылуу жеткирүүнү улантып жатканын жарыялады.  


Польша аркылуу мунай ташуунун токтотулушу -  кардарлардын бул өлкөдөгү жана Германиядагы кайра иштетүүчү заводдоруна "Дружба" аркылуу нефти келбей калды дегенди түшүндүрөт.  


Батыштык сатып алуучулар 25-апрелде "Reuters" агенттигине орусиялык мунай жеткирүүчүлөргө каршы сотко кайрылып, компенсация талап кылышы мүмкүн экенин билдиришкен. 


"Дружба" - дүйнөдөгү эң узун мунай өткөргүч болуп саналат.