Жайыл районунда мыйзамсыз аңчылыкка бөгөт коюлду
0
Жаратылыш ресурстар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлерине Жайыл районунун Малтабар айылынын жанында «Беш-Терек» унаа жолунун боюнда мыйзамсыз аңчылык болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ведомствонун кызматкерлери көз карандысыз инспекторлор менен бирге рейд өткөрүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
