Кыргыз эл сүрөтчүсү Абдрай Осмонов дүйнөдөн кайтты
Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Абдрай Осмонов 17-ноябрь күнү, 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлап, некролог жарыялады.
Абдрай Осмонов 1939-жылы 27-декабрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында туулган.
1959-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура академиясын аяктаган соң, 1965-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Чуйков атындагы окуу жайда окутуучу болуп иштеген. 50 жылдан ашуун окутуучулук тажрыйбасында Абдраев ондогон шакирттерди тарбиялап чыгарган. Учурда алардын төртөө Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, жетөө маданиятка эмгек сиңирген ишмер.
Абдрай Осмоновдун "Оодарыш", "Үй-бүлө", "Түшүм. Колхоз майрамы", "Чокморовдун портрети", "Ысык-Көлдүн балыкчылары", "Карамолдонун портрети" жана башка көптөгөн таанымал картиналары бар. Анын 55 чыгармасы Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейине коюлган.
Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, живопись бөлүмүн жетектеп турган.
1982-жылы "Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер", 1991-жылы "Кыргызстандын Эл сүрөтчүсү" наамы берилген.