Израил Бейрутта "Хезболлага" каршы сокку уруп жатат
Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун "Хезболла" көзөмөлдөгөн райондорун үч күндөн бери бомбалап жатат. Сириянын борбору Дамаск шаарында Израилдин 14-ноябрдагы чабуулунан кеминде 15 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды. Ал тапта Ливандын жогорку бийлигинин өкүлү "Хезболла" радикал уюму ок атышууну токтотуу режими башталса өз күчтөрүн Ливан менен Израилдин чек арасынан алып кетүүгө даяр экенин билдирди. "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген.