Apple орусиялык эркин басылмалардын подкасттарын өчүрүп жатканы кабарланды
Америкалык ири Apple технологиялык компаниясы эркин журналисттер даярдаган орус тилиндеги бир нече подкастты же жашырып, же өчүрүп салганы белгилүү болду.
"Медиазона" басылмасы 14-ноябрда жазгандай, "Эхо Москвы" онлайн радиостанциясынын, The Insider басылмасынын жана «Би-Би-Си» орус кызматынын жаңы уктуруулары табылбай калды. Ал эми Орусиядан тышкары аймакта бардык уктуруулар ачылып жатат.
Apple азырынча бул боюнча комментарий бере элек, бирок ал Орусияда айрым VPN кызматтарды жана тиркемелерди бөгөттөп койгону белгилүү. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Current Time тиркемесин Apple Роскомнадзор мекемесинин талабы боюнча өчүргөн. Радионун кыргыз кызматы “Азаттыктын” да тиркемесин Орусиянын аймагында жүктөп алуу, окуу мүмкүн болбой калган.
Ал эми YouTube Орусиянын бардык аймагында мурдагыдай толук ачылып, жакшы иштеп калганы 14-ноябрда кабарланды. Орусиялык колдонуучулар YouTube начар иштеп жатканын быйыл август айында айта башташкан, аны VPN сервиси жоктор ача албай калган, ачылса да өтө жай иштеп же такыр иштебей жаткан.
Өткөн айда “Журналисттерди коргоо комитети” (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Apple компаниясын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орусиялык App Store тиркемелер дүкөнүнөн өчүрүлгөн эки тиркемесин калыбына келтирүүгө чакырган. Бул тиркемелер Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемесинин талабы боюнча өчүрүлгөн.
"Apple компаниясы муну менен маанилүү маалыматка жетүүгө болгон укукту чектеп, Орусия сыяктуу өлкөлөрдө эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын оозун басууга аракет кылган авторитардык режимдерди кубаттоодо. Биз Apple компаниясын басма сөз эркиндигин колдоого жана адамдардын объективдүү, калыс жаңылыктарга жетүүсүн камсыздоого чакырабыз", - деген CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид
Сентябрь айынын соңуна карата Apple компаниясы өзүнүн орусиялык App Store программасынан алып салган VPN сервистердин саны жүзгө чукулдаган. Роскомнадзор алардын арасынан 25 VPN тиркеменин өчүрүлүшүнө тиешеси бар экенин ырастаган. (RK)