Шайлоо: түнкү сурак, Социал-демократтардын айланасындагы абал
13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү саат 04:30 чамасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Социал - демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун үйүнө барганын Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында түз алып көрсөттү. Ал милиция кызматкерлери Темирлан Султанбеков менен атасына кол салды деп айтты.
"Султанбековго жана атасына кол салышты. Экөөнү унаага сүйрөп түшүүгө аракет кылып жатышат. Бул мыйзамсыз! Анын шаардык кеңештин депутаттыгына (талапкер катары) иммунитети бар!" деп билдирди Кадыр Атамбаев.
Түз эфирде көрсөтүлгөн тасмада Темирлан Султанбеков "маалыматты эч жакка чыгарбоо тууралуу" кол коюудан баш тартканын, бирок ошол эле учурда маалыматты эч жакка чыгарбай турганын айтып жатканын, айрым адамдар аны бир жакка алып кетүүгө аракеттенип жатканын, Темирлан Султанбеков ак унаага отурганын көрүүгө болот.
Кийинчерээк аларды Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына алып барышканы маалым болгон.
Адвокат Айбек Турдуев бүгүн, 14-ноябрда Темирлан Султанбековду түндо атасы менен чогуу, үйү тараптан күчтөп, автоунаага салып алып кетишкен боюнча алар кайда кармалып турганы белгисиз экенин айтууда.
"Түндө саат 4:30да күчтөп алып кетишкен болсо, мына саат 10:30 болду. Кайда экенин шаардык милиция өзү билбейт. Азыр биз милициянын нөөмөт бөлүмүндө турабыз, алар дагы кайда экенин билбей жатышат", - деди адвокат.
Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков, 13-ноябрь күнү кечинде да Бишкек милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген.
"Социал демократтар" партиясынын талапкери Кадыр Атамбаев милициянын сурагында партиянын төрагасы Темирлан Султанбековго талапкерлигин алуу боюнча сунуш болгонун журналисттерге билдирди.
“Бул жерде саясий буйрук экени айдан ачык болуп турат. Ал өзү “көйгөйлөрдөн качуу үчүн талапкерлигин ал” деген сунуш болгонун айтты. Бул чектен чыккан саясий басым. Бул нерсе бийликке аброй алып келбейт”,-деди Атамбаев.
Бул аралыкта Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалган.
Азырынча Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун жана дагы эки адамдын кармалышы, шаршембинин кечинде суракка алынгандар тууралуу толук маалымат бере элек.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтөт деп ишендирди. УКМК төрагасы бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"17-ноябрда өтө турган шайлоону таза өткөрүү үчүн колубуздан келгенин кылдык мамлекет тарабынан. Шайлоого катышуу үчүн бараткан партиялар, талапкерлер текшерилди. Арасынан 30дай талапкерди алдырдык, анткени алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгону аныкталган. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ бир чоң партиянын штабынан, талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды. Шайлоо болуп жаткан күнү да ушундай болот. Укук коргоо органдары бардык шайлоо участокторунда, көчөлөрдө да иштешет".
Камчыбек Тащиев сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого аралашууга укугу жоктугун эскертти. Ал мурдагы бийлик ээлерин шайлоолорду түрдүү мыйзам бузуулар менен өткөнүнө унчукпай, көз жуумп келген деп айыптап, мындан ары андай болбосун, парламенттик, президенттик шайлоолор да ушундай таза өтөрүн айтты.
13-ноябрдын кечинде “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилген.
Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.
Азырынча бул иш боюнча БШК комментарий бере элек.