ru24.pro
Azattyk.org
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Токтогулда шаардык кеңешке талапкер Дүйшөналиев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду

0
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад шаардык соту Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиевди 4-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотконун билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.


Маалыматты “Азаттыкка” Болотбек Дүйшөналиевдин партиялаштары да ырастап, сот отуруму 4-ноябрдын кечинде болгонун айтышты.


Мунун алдында Боршайком “Жергиликтүү кеңеш депутатын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, каттоодон өткөн күндөн тартып шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин талапкер эгер кылмыш жасап жаткан жеринен кармалбаса камакка алынбай турганын, талапкерди кармоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугу керек экенин эскерткен.




 


Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы быйыл 14-октябрда Болотбек Дүйшөналиевди “Эркин Эл” саясий партиясынын тизмеси менен шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттаган.


Жалал-Абад облустук милициясы 2-ноябрга караган түнү Болотбек Дүйшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” бөлүгү менен айып коюп, кармаган.


Бөгөт чарасы ошол эле күнү Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, ал 22-ноябрга чейин камакка алынган.


36 жаштагы Болотбек Дүйшөналиев буга чейин социалдык түйүндөрдө Токтогул районунун акимин, анын орун басарын жана шаар мэрин сындап чыккан. Нааразылык иретинде онлайн-митинг өткөрүү тууралуу пикирин билдирген. Мындан тышкары райондогу бала бакча, мектеп, жол маселесине байланышкан бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп жүргөн.


Ал коюлган айыпты четке кагып, аны куугунтук катары баалаган. (BTo)