Грузия: Прокуратурага чакырылган президент, текшерилген бюллетендер
Грузиянын Башкы прокуратурасы шайлоодогу бурмалоолор тууралуу маалымат бөлүшсүн деп президент Саломе Зурабишвилини чакырып, бирок мамлекет башчы көзөмөл органына барбай турганын билдирди. Өлкөнүн демократиялык багыты үчүн олуттуу сыноо катары каралган өнөктүктөн кийин саясий климат кыйла кызыды.