Кыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылды. Буга бекеттеги интернет зымдарын улоо иштери жүрүп жатканы себеп болууда.
Чек ара бекети качан ачылары тууралуу маалымат берилген жок.
Чек ара кызматы аталган чек ара бекети аркылуу каттаган автоунааларды жана жүргүнчүлөрдү кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" чек ара бекетинен өтүп турууга чакырды.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында "Ак жол", "Ак-Тилек" жана "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү бекеттери бар экени эскертилди.(ZKo)