ru24.pro
Azattyk.org
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жер титирөө катталды

0
27-октябрда, саат 10:16да күчү очогунда 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ош шаарынан 95 чакырым түштүк-батыш тарапта, Кичи-Алай тоо кыркаларында катталган.


Эл жашаган аймактарда силкинүүнүн күчү сезилген эмес.


Жер титирөө ушуну менен октябрь айынын экинчи жарымындагы төртүнчү жолу катталып жатат.


22-октябрь күнү саат 11:48де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.



21-октябрга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Алай районунун Нура айылында 3,5 балл, Бор-Дөбө айылында 3 баллга чейин сезилген.



17-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2,5 баллга (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген. (ZKo)