ru24.pro
Azattyk.org
Сентябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

"Жалган маалымат" үчүн жаза: Өмөттүн талаштуу сунушу

0
Кыргыз өкмөтү интернетте жана медиада жалган маалымат таратты, жалаа жапты жана мазактады делгендерди жазалоону сунуштаган кезектеги мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Эгерде документ парламентте колдоо тапса, анда “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине өзгөртүу кирип, жеке жана юридикалык жактарга 200 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн. Кимдин кандай маалымат таратып жатканын Маданият министрлиги аныктайт. Өкмөттүн мындай демилгелерин жарандардын эркин пикир айтуу укугун чектөө катары сыпаттагандар да жок эмес. Парламент бул мыйзам долбоорду кароодон баш тартып, кийинкиге калды.