Мамакеев Мамбет Мамакеевичтин жаркын элесине. Арабыздан кеткенине кырк күн болот
0
Мамбет Мамакеевич Мамакеев кырк күндөн бери арабызда жок. Бүгүн Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери, кыргыз элинин, мамлекетибиздин медицинасынын, саламаттыкты сактоосунун, илим жана медициналык билим берүүсүнүн патриархы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, «Манас» орденинин толук кавалери, Улуттук хирургия борборунун негиздөөчүсү жана ардактуу директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген дарыгери жана илимине Эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамакеев Мамбет Мамакеевич бул жалган дүйнөнү, ата-мекендик медицинанын, илимдин, билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун акыркы дөө-шаасынын образын чагылдырган Улуу адам, легендардуу тарыхий инсан таштап кетти. Кыргыз тарыхынын негиз салуучуларынын бири, көрүнүктүү окумуштуу, Гиннес рекорддор китебине кирген дүйнөгө белгилүү рекордсмен хирургдун көзү өттү. Кырк миӊ пациенттин өмүрүн сактап калуу менен эмгекти сүйүүнү даӊазалаган чыныгы феномен, Улуу адам бизди таштап кетти. Келгиле, өзүбүзгө суроо берип көрөлү: ат көтөргүс улуу эмгектин контекстинде бул эмнени билдирет? Бул кырк миӊ пациенттер өлүмгө моюн сунуп, келечектен үмүтүн үзүп койгон кезде ушул кырк миӊ пациентке «алтын колдуу» бир хирургдун аракетинин натыйжасында келечектеги үмүттүн шооласы жанып, жашоого кайрадан жаӊы тилектер менен кайтып келишти. Кырк миӊ! Түбөлүктүүлүктүн көз карашы менен караганда, бул М.М. Мамакеевдин эл алдында унутулгус төө көтөргүс жасаган эмгеги.