ru24.pro
Все новости
Июнь
2024

Кыргызстан темир жол куруу үчүн Кытайдан насыя алууну көздөөдө

0
24.KG 
Кыргызстан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Кытайдан насыя алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда «Кыргыз темир жолу» УК" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.