ru24.pro
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Все новости

Каракол: Уксус ичип каза болгон келиндин мурдагы күйөөсү суракка алынды

Azattyk.org 

Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну М.О. аттуу аял 2-февраль күнү аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Анын алдында, 1-февраль күнү келиндин бир тууганы милицияга кайрылып, сиңдисин өз өмүрүнө кол салуусуна мурдагы күйөөсү жеткиргенин билдирип, даттанган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, келин 80% уксус ичип, ички органдарынын күйүгү менен ооруканага түшкөн. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, анын мурдагы күйөөсү суракка алынды. Читать дальше...

Казакстан: Өскемендеги экологиялык абалдан улам мектептер онлайн окууга өттү

Azattyk.org 

2-февралда Чыгыш Казакстан облусунун борбору Өскемен шаарында абанын булганышына байланыштуу бардык мектептер толугу менен аралыктан окутуу форматына өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук билим берүү башкармалыгы билдирди. "Өскемен шаарында экинчи деңгээлдеги жагымсыз метеорологиялык шарт сакталып жаткандыгына байланыштуу бардык мектептердин 0–11-класстарынын окуучулары (биринчи жана экинчи нөөмөт) аралыктан окутууга которулат, — деп маалымдады билим берүү башкармалыгы. Өскеменде мектеп окуучулары буга чейин да... Читать дальше...

Орусияда саясий куугунтукка кабылгандарды коргогон адвокат аэропорттон кармалды

Azattyk.org 

Орусиялык адвокат, саясий куугунтукка алынган адамдарды жактап, эмиграцияга кетүүгө мажбур болгон Олег Степанов 31-январда Сочи аэропортунан кармалды. Юрист акыркы бир нече жылдан бери жашап жүргөн Сербиядан кайтып келген. Ага "полиция кызматкерине баш ийбөө" тууралуу протокол түзүлүп, камакка алынганын "Первый отдел" деп аталган укук коргоочу долбоор маалымдады. "Аэропортто "полиция кызматкерине баш ийбөө" же "майда ээнбаштык" менен кармоо айлампа камоого мүнөздүү практика. Күч кызматкерлери жаранды... Читать дальше...

УКМК телефон шылуундарына көмөктөшкөн топ кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) телефон шылуундарына көмөктөшкөн канал жабылганын кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы уюлдук операторлордун WhatsApp, Telegram жана Lalafo мобилдик мессенжер аккаунттарын активдештирүү менен алектенген адамдардын тобу мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, жарандарды банк карталарын сатууга көндүрүп келишкен. УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, аккаунттар жана банк карталары Telegram аркылуу "скамерам" деп аталган эл аралык алдамчыларга сатылчу. Читать дальше...

Сокулукта төрт жашар үч наристе сууга чөгүп чарчап калды

Azattyk.org 

2-февралда Сокулук районунун Май айылында жашы жете элек үч бала көлмөгө түшүп кетип каза болгонун Чүй облустук милициясы кабарлады. Милицияга маалымат түшүп, ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барганга чейин үч баланын тең сөөгү суудан чыгарылган. Алар “Тез жардам” кызматы барганга чейин эле каза болгону аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө үчөө тең 2021-жылы туулган балдар экени белгилүү болгон. Көлмө четинде тосмосу жок, ачык болгон жана суунун жээги муз болуп тоңуп турган. Балдар чогуу ойноп жүргөн... Читать дальше...