"Пастереллезбу же башкабы?" Орусия миңдеген малын өрттөдү
Соңку айларда Орусияда "пастереллез жуккан" деп малды өлтүрүп, тарпын өрттөп жаткан видеолор тарай баштады. Казакстан өзүндө тараган ылаңды ринотрахеит деп атаган. Кыргызстанда дагы соңку айларда мал арасында белгисиз ылаң күч алды.
