ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн бала бакча курулат

0

Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн "Үмүт чырагы" деп аталган бала бакчанын курулушу 17-мартта башталды. Курулушка мезгил кутучасын салуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

Өкмөт башчысы бул долбоор өзгөчө балдарга көрүлгөн камкордук экенин айтты:

“Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди ал.

Адылбек Касымалиев мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 250 балага ылайыкталган "Үмүт чырагы" бала бакчасын "Артвин Девелопмент" компаниясы өз демөөрчүлүгү менен куруп жатат.

Долбоордун жалпы аянты 3467 чарчы метр. Эки кабаттуу заманбап бала бакчада балдардын өнүгүшү үчүн бардык шарттар түзүлүп, гимнастика, логопед, окуучу бөлмөлөрү жана өзүнүн зоопаркы болот.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 2024-жылы бала бакча менен камсыз кылуу көрсөткүчү 28,3% түзгөн. 2025-жылы бул көрсөткүч 51% чейин өскөн. 2030-жылга чейин 80% жеткирүү максаты коюлган.

Ушул тапта Кыргызстанда 2344 мамлекеттик бала бакча бар, анда 320 миңден ашуун бала тарбияланат.

Кыргызстанда майыптыгы бар балдар үчүн мамлекеттик бала бакчалар саналуу гана. Мындай бакчаларга кирүү үчүн бала атайын медициналык-психо-педагогикалык комиссиянын кароосунан өтүшү керек. Майыптыгы бар наристелердин ата-энелери мамлекеттик атайын бала бакчаларда орун жетишсиздигин, ал эми менчиктики акысы кымбат экенин айтып, даттанып келишет. (ZKo)