ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Сүрөтчүлөр үйүнүн жерин Президенттин иш башкармалыгына алуу маселеси шаардык кеңеште каралган жок

0

Бишкек шаардык кеңешинде Сүрөтчүлөр үйүнө байланыштуу мэриянын токтомун кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу 18-мартта кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегинде турган Сүрөтчүлөр үйүнүн 0,11 га жерин Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүүнү чечкен.

Бул Сүрөтчүлөр бирлигинин нааразылыгын жаратып, алар маданий жана тарыхый баалуулуктар тизмесине кирген имаратты сактап калуу өтүнүчү менен президентке кайрылышкан.

Чыгармачыл жамаат муну менен катар Кадастр кызматынын чыгыштамасында имарат көрсөтүлбөй, жер гана муниципалдык мүлк болуп турганы боюнча аталган мекемеге кат жолдошкон.

Мэриянын муниципалдык мүлк бөлүмү коммерциялык максатта пайдаланганы үчүн Жер кодексине ылайык имаратка тийиштүү жерди өзүнө кайтарып алганын билдирген.

Сүрөтчүлөр үйү 1952-жылы пайдаланууга берилген.

1992-жылы СССРдин Сүрөтчүлөр бирлиги жоюлган. Анын мураскери катары Кыргызстандын Сүрөтчүлөр бирлиги 1994-жылы сегиз объектти, анын ичинде азыр талашка түшкөн Сүрөтчүлөр үйүн да өзүнө өткөрүп алган. 1995-жылы Борис Силаев башында турган калаа бийлиги имаратты Сүрөтчүлөр бирлигинин менчигине өткөрүп берген.

Бирликтин учурда жети облуста өкүлчүлүгү, Бишкектин Эмен багындагы галереясы, Сүрөтчүлөр фонду жана 500дөй мүчөсү бар. (ST)