Чет өлкөдөн мигранттарды мыйзамсыз алып келүүгө шектүүлөр кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, уюштуруучулар колго түшүрүлгөнүн 18-мартта билдирди. Кылмышка шектелип Пакистандын жараны (А.М.) жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери (И.Т.В.) кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мыйзамсыз миграция уюштурууга шектүүлөр чет өлкөлүк жарандарга (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма маалымкат сатып келишкен. Алардын жашаган жана иштеген жерин тинтүү учурунда виза тариздөөгө даярдалган 160тан ашык жасалма маалымкат табылды.
УКМК Түштүк Азия өлкөлөрүндө өлүм көрсөткүчү жогору болгон "нипах" вирусу жайылып жаткан шартта чет элдиктердин медициналык текшерүүсүз өлкөдө жүрүүсү санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч жарата турганын белгилөөдө.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка тараптарды да аныктоо боюнча иштер уланууда. УКМК чет элдик жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоого чакырды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин билдиргени боюнча 2026-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштөөчү эмгек мигранттары үчүн 52 миң жумуш орун бөлүнгөн. Министрликтин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясовдун журналисттерге билдиргени боюнча, былтыр чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган. Квота зарылчылык болсо дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылган.
Чет өлкөлүк эмгек мигранттары негизинен курулуш жана жеңил өнөр жай тармагында иштейт.
Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат.
Эмгек квоталарды бөлүштүрүү 2025-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилген. (КЕ)
