ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Башкы прокуратура балдарга карата кылмыш саны өсүп жатканын маалымдады

0

2025-жылы Кыргызстанда 369 сексуалдык зомбулук фактысы катталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү зордуктоо. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 137 зордуктоо фактысы, 16 жашка толо электерге карата сексуалдык мүнөздөгү 115 аракет, 43 зомбулук, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого байланыштуу 20 факт жана башка кылмыштар катталган.

Сексуалдык зомбулуктан 288 бала, 77 аял жабыркаган.
Ошондой эле майыптыгы бар адамдарга да сексуалдык мүнөздөгү аракет жана зомбулук жасалган 13 окуя катталган, алардын жетөө майыптыгы бар балдар экени аныкталган.

Башкы прокуратура мындай кылмыштардын 356сынын бети ачылганын, бирок, ошол эле учурда дагы 598 кылмыш иши ачылбай турганын маалымдады.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.(ZKo)