ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кудайберген базарындагы өрт чектөөгө алынды

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек шаарындагы Кудайберген базарында 15-мартта эртең менен ири өрт чыкканын, ага жалпы алты топ тартылганын билдирди.

"Өрт саат 08:52де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", -деп жазылган маалыматта.

Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Жабыркагандар, чыгаша-зыян тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Аталган министрликтин маалыматына караганда, соңку беш жылда Кыргызстанда өрттөн 248 адамдын өмүрү кыйылды, бул аралыкта өлкөдө 19 миңге жакын өрт кырсыгы катталды.