Ташиев менен Зулушев мандаттан ажырады
Борбордук шайлоо комиссиясы 14-мартта парламент депутаты Шаирбек Ташиевдин мандатын жокко чыгарды. Боршайком ал өзү мандаттан баш тартуу тууралуу арыз жазганын билдирди. Ушундай эле арыз менен бир күн мурун Курманкул Зулушев да мандатын тапшырган.
