Ирандагы мектепке урулган сокку тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгы Конгресске берилет
Ирандагы мектепке урулган сокку тууралуу отчет жакынкы күндөрдө Конгресске сунуш кылынат. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун булактары билдирди.
Америкалык эки аткаминердин айтымында, кандуу соккуга эскирип кеткен чалгын маалыматтары алып келген болушу мүмкүн. Алар бул алдын ала бүтүм экенин белгилешти.
Кабарчыбыз 11-мартта сөзгө тарткан америкалык өкүлдөр иликтөө жүрүп жатканын, буга чейин The New York Times, Рейтер жана башка медиа тараткан маалыматты тастыктай да, төгүнгө чыгара да албасын айтты.
Минабдагы кыздар мектеби 28-февралда, АКШ менен Израил Ислам жумуриятына каршы операция башталганда чабуулга кабылган. Жергиликтүү бийлик бери дегенде 175 киши, арасында 168 бала өлгөнүн билдирген.
The New York Times америкалык аскерлер мектептин жанындагы ирандык базаны бомбалаганын, мурда мектептин имараты анын бир бөлүгү болгонун жана бутага алганда эски координаттар колдонулганын жазган.
Иликтөөнүн алдын ала кортундусунан кабардар булактар АКШнын командачылыгы эскирген чалгын маалыматтарын колдонгон болушу мүмкүн деп Рейтерге айтышкан. Бирок ошол маалымат эмне себептен сокку алдында текшерилбегени белгисиз.
Мектептин сайтындагы архивдик версиясында окуу жайдын кампусу Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланышы бар комплекстин жанында орун алганын көрсөтүүдө.
АКШнын коргоо министри Пит Хегсет жана башка расмий өкүлдөр жарандык жайларга атайылап сокку урулбаганын айтышууда.
Президент Дональд Трамп чабуул үчүн Иран өзү жооптуу болушу мүмкүн деп болжолдогон. 11-мартта ал окуя тууралуу кеңири кабардар эместигин, бирок иликтөөнүн жыйынтыгын кабыл аларын билдирди.
Сокку АКШнын катасы болгон деген тыянак далилденсе, анда бул америкалык аскерлердин аралашуусу менен жайкын кишилер каза тапкан ондогон жылдардан берки эң кандуу окуялардын бири болуп калмакчы.
Пентагондун өкүлү баштапкы жыйынтыкты талкуулоодон баш тартып, “окуя териштирилип жатканын” айтты.
Медиага чыккан кабарлардан улам Конгрессте күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу чакырыктары жаңыра баштады.
Башында демократ-сенаторлор турган 46 мыйзам чыгаруучу Хегсеттен окуяны тезирээк иликтөөнү талап кылды. Алар эл аралык укуктук нормаларга ылайык АКШ карапайым калкка зыянды азайтууга тийиш деп белгилешти.
