ӨКМ башчысы Урматбек Шамырканов пара алууга шектелип кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 10-март күнү Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Канатбек Чыныбаев өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Шамыркановдун кызматынан бошотулушу боюнча президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов түшүндүрмө берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына "жаңы министрдин кызматтан кетирилишинин себеби - ал министрдин орун басары кызматында иштеп турганда пара алган деп шектелүүдө" деп жазды.
Алагөзовдун постунда "Шамырканов министрликтин бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн 2025-жылдын жай айларында пара талап кылган. Кызматкер айтылган сумманын жарымын ал кездеги ӨКМ министринин орун басары У. Шамыркановдун электрондук капчыгына которуп бергенин айткан. Шамырканов министр болуп дайындалгандан кийин айтылган сумманын калган жарымын бере албастыгын билдирген соң, анын айтымында, министр кызматкерди Баткендеги бөлүмгө которуп жиберген. Баткенге которулган кызматкер президент Садыр Жапаровго арыз менен кайрылган" деп жазылды.
Алагөзовдун маалымдашынча, мамлекет башчысы арыздагы дооматтарды териштирүүнү Башкы прокуратурага тапшырып, көзөмөлдөөчү орган арызда айтылгандар тастыкталганын билдирген.
"Ушуга байланыштуу президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул окуя “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөздүн айкын мисалынын бири. Азыр кыңыр иштер кырк жылда эмес, кырк эле күндө билинген заман.
Андыктан башка мамлекеттик кызматкерлерге бул чоң сабак болушу керек" деп жазган Алагөзов ушул сыяктуу мыйзамсыз аракеттерге барганы билинген жетекчилерди да ушундай чечкиндүү кадамдар күтүп турганын эскерткен.
Аскат Алагөзов Урматбек Ш. аттуу адамдын атындагы электрондук капчыкка 50 миң сом которулганы тартылган жана экс-министрдин үстүнөн президентке жазылган арыздын сүрөттөрүн да жарыялады.
Урматбек Шамырканов өзү бул боюнча комментарий бере элек.
Урматбек Шамырканов ӨКМ министри болуп бир айга жете элек убакыт мурда, 16-февралда дайындалган эле.(ZKo)
