ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

11-марттын аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

0

Шашылыш билдирүү: 11-12-мартта абанын температурасы төмөндөп, өрөөндөрдө -16, тоолуу аймактарда -23 градуска чейин түшөт.

10-15-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

11-мартта түнкүсүн жана түшкө чейин көпчүлүк аймактарда кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Түштөн кийин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндуз -2…-7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндуз -2…-7

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -5…-7°.