ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Ирандык беш футболчу Австралияда кала турган болду

0

Австралиянын ички иштер министри Тони Берк Ирандын футбол боюнча кыз-келиндер командасынын беш мүчөсүнө гуманитардык виза берилгенин жана алардын өлкөдө калуусуна шарт түзүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, калгандары команда жайгашкан мейманканада кала берүүдө, аларга да Австралияда калуу сунуш кылынды.

Азия кубогунун мелдешине катышкан спортчулар алгачкы матчта улуттук гимнди аткарбай койгондо Ирандын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу кыздарды “согуш учурундагы чыккынчылар” деп атаганы алардын тагдырына тынчсыздануу жараткан.

Аларга жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен башпаанек берүүгө чакырган онлайн петицияга бир нече саатта 50 миңден көп киши кол койгон.

Австралиядагы мелдеш АКШ менен Израил Иранга чабуул койгон күнү башталган. Кыздардын гимнди ырдабай койгону Тегеран режимине каршы ишарат катары кабыл алынган.

Дүйшөмбүдө команданыны беш мүчөсү полициянын коштоосунда мейманканадан чыгып кеткени кабарланган.

Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Австралиянын өкмөт башчысын ирандык спортчуларга башпаанек берүүгө чакырган. Көп узабай бешөөнө “жардам берилгенин” Truth Social социалдык тармагына жазды.

Футболчулардын укуктарын коргогон FIFPRO глобалдык уюму ирандык команданын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирген.