ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат Сагынаев негативдүү жаӊылыктар боюнча ЖКда талкуу кылуу сунушун берди

0

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев телеканалдарда жана социалдык тармактардан чыккан негативдүү маалымат, жаӊылыктарды талкуулоо сунушун берди.

Мындай демилгени ал Жогорку Кеӊештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 9-марттагы жыйынында көтөрдү.

“Социалдык тармактарда негативдүү жанылыктар басымдуулук кылып атат. Телерадиокомпанияларын (ред: алардын жетекчилерин) чакырып, негативдүү жаӊылыктар жана маалымат каражаттары берип аткан маалыматтар боюнча толук талкуу жүргүзсөк”, - деди ал.

Кыргызстанда буга чейин айрым мамлекеттик кызматкерлер жалпыга маалымдоо каражаттарын зордук-зомбулук жана үрөй учурган кылмыштар тууралуу маалымат таратпоого чакырган учурлар болгон. Алар муну өлкөгө келе турган туристтердин санын азайтат деген негиз менен байланыштырышкан.

Дүйшөн Төрөкулов 2019-жылы Жогорку Кеӊештин депутаты болуп турганда Ички иштер министрлигин (ИИМ) оор кылмыштар тууралуу журналисттерге маалымат бербөөгө чакырган. (BTo)