Депутат Аманова чыгарылган китептердин 60-70% диний багытта экенин айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Кыргыз улуттук китеп палатасына шилтеме берип, Кыргызстанда басып чыгарылган китептердин дээрлик 60-70% диний багыттагы китептер экенин билдирди.
Бул тууралуу ал парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 9-марттагы жыйынында айтты.
“Анда салттуу ислам дини боюнча маалыматтар чыгып атабы же ага туура келбеген маалыматтар барбы карап чыгуу зарыл”, - деди ал.
Салтанат Аманова өлкөдө улуттук басмакана ишканасын түзүп, ага менчик басмаканаларга мониторинг кылуу укугун берүүнү сунуштады.
Кыргыз улуттук китеп палатасы – өлкөдө басылып чыккан басылмалардын нускасын мамлекеттик каттоого алат. Адатта диний багыттагы китептер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (ред: муфтият) уруксаты менен басылып чыгат. (BTo)
