ru24.pro
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКШ жана Латын Америка өлкөлөрү наркокартелдерге каршы коалиция түздү

0

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп АКШ жана Латын Америка өлкөлөрү биргелешип наркокартелдерге каршы жаңы коалиция түзгөнүн жарыялады. Анын айтымында альянска 17 мамлекет кошулду.

Мындай билдирүү Майамиде 7-мартта өткөргөн “Америка калканы” саммитинде жаңырды. Ага Латын Америкасындагы Аргентина, Парагвай, Боливия, Сальвадор, Эквадор, Гондурас, Перу жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышты. Жолугушууга негизинен чөлкөмдөгү АКШ бийлигине ыктаган өкмөт мүчөлөрү келишкен.

Пентагондун өкүлдөрү АКШ Латын Америкадагы наркокартелдерге каршы жүрүштөрдү ал жактагы өнөктөштөрдүн колдоосу жок эле баштай берүүгө даяр экенин билдришти. Вашингтондун жаңы таасир чөйрөсүн жайылтуу планында чөлкөмдө Кошмо Штаттардын атайын операцияларын жана анын аскердик катышуусун кеңейтүү каралууда.

Дональд Трамп мындан сырткары Куба мамлекети да Вашингтон менен макулдашууга жетишүүгө умтулуп жатканын жана сүйлөшүүлөрдү АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жүргүзүп жатканын белгиледи.

АКШнын президенти январдын аягында Кубага мунай жеткирүүгө түз жана кыйыр тиешеси бар мамлекеттерден импорт кылууга алымдарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берген жарлыкка кол койгон. Ак үй анда Кубанын бийлигин Кошмо Штаттарга душман мамлекеттер менен өнөктөштүк кылып жатат деп айыптаган. Америка тарап мисал катары Кубанын аймагындагы Орусиянын радиоэлектрондук чалгын борборун атаган. (ErN)